Чүй облусунда өзгөчө кырдаал режими алынды

 Чүй облусунда өзгөчө кырдаал режими алынды

Чүй облусунда өзгөчө кырдаал режими алынды. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, өзгөчө кырдаал режимин жокко чыгаруу тууралуу буйрукка облус башчысы Канат Жумагазиев кол койду.

 

Эске салсак, өзгөчө кырдаал режими 28-мартта ылдамдыгы секундасына 18-26 метрге жеткен катуу шамалдын натыйжасында киргизилген.

 

Чүй облусунун Жарандык коргонуу боюнча комиссиясынын ишинин жыйынтыгы боюнча келтирилген чыгым 23 млн 567 миң 335 сомду түздү.

 

Катуу шамалдан 183 объект, анын ичинде 87 турак үй, 2 оорукана, 39 мектеп, 16 бала бакча, 13 мамлекеттик мекеме, 1 жогорку окуу жайы, 20 трансформатордук подстанция, кампа, мончо, дүкөн, электр линиялары жана дагы башка 5 имарат жабыркады.

 

Анын кесепеттерин жоюуга ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери катышты. Мындан тышкары, райондук администрациялардын, айыл өкмөттөрүнүн жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлеринен турган мобилдик топтор уюштурулуп, алар аймактарды изилдөө жана кесепеттерин аныктоо үчүн күчөтүлгөн тартипте иштешти.

Связанный пост