БУУнун башкы катчысы Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

 БУУнун башкы катчысы Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысы Антониу Гутерриш Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнү менен куттуктады.

“Кыргыз Республикасынын бардык жарандарын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Тарыхтагы бул өзгөчө учур бизге бир үй-бүлөдөй ынтымакта иштөө зарылдыгын эскертет. Ар бир өлкө өзүнүн улуттук чек араларынан алыс болгон – COVID-19 пандемиясынан баштап жакырчылыктын, теңсиздиктин жана адилетсиздиктин тереңдешине, климаттык өзгөчө кырдаалдарга жана биздин дүйнөнү каптап жаткан чыр-чатактарга чейинки көйгөйлөрдү чечүүгө өз салымын кошуусу керек.

Бул өзгөчө күнү Бириккен Улуттар Уюму кыйынчылыктарды жеңүү, Туруктуу өнүгүү максаттарына карай прогрессти тездетүү, бардык адамдар үчүн жакшыраак, адилеттүү, тынч дүйнөнү курууда Кыргызстандын бардык жарандарына ишене аларын билем”, — деп айтылат куттуктоодо.

Связанный пост