Режеп Тайип Эрдоган Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

 Режеп Тайип Эрдоган Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнү менен куттуктады.

“Дос жана бир тууган Кыргызстандын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп тааныган өлкө катары, акыркы 30 жыл аралыгында Кыргызстандын ар бир тармактагы жетишкендиктерине кубануу жана сыймыктануу менен көз салып келе жатабыз.

Биз алдыдагы мезгилде, жалпы кызыкчылыктарыбыздын негизинде биргелешкен салымыбыз менен жалпы тил, маданият жана тарыхый байланыштан кубат алган стратегиялык деңгээлдеги мамилелерибизди жана кызматташтыгыбызды мындан ары да өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө чечкиндүүбүз”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Связанный пост