Борбор калаада туристтик фестиваль өттү

Эмен багында туристтик фестиваль өттү. Фестиваль Бишкек шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын туризмди өнүктүрүүнү  колдоо  фонду, Кыргыз Республикасынын Туризм департаменти жана SunHouse Team  агенттиги тарабынан уюштурулду.

Фестивалдын  жүрүшүндө оюн-зоок, мастер-класстар, гастрономиялык программа,  туризм тармагынын катышуучулары үчүн көргөзмө  жана шоу-программа өткөрүлдү.

«Босого» туристтик маалыматтык борборунун базасында Кыргыз Республикасындагы экотуризм жана туристтик жайларды өнүктүрүү жаатындагы белгилүү эксперттер сөз сүйлөштү.

Ошондой эле эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө фестивалдын катышуучулары өз идеялары тууралуу маалымат берип, жаңы мүмкүнчүлүктөр менен таанышты.

Фестиваль Кыргызстандын туризм тармагынын бардык катышуучуларынын бизнес менен таанышуусуна мүмкүнчүлүк түздү. Биз туроператорлорду, кол өнөрчүлөрдү, конок үйлөрдүн жана мейманканалардын өкүлдөрүн, туристтик кызмат тейлөөчүлөрдү,  ошондой эле ар кандай этникалык шоу программаларды чогулттук. Иш-чара 2023-жылкы туристтик сезондун башталышы үчүн чоң түрткү болду.

Фестивалдын максаты  ички туристтик продуктыларды өнүктүрүү, туроператорлор менен кызматташуу аркылуу жергиликтүү кызмат көрсөтүүчүлөргө колдоо көрсөтүү болуп саналат. Ошондой эле Бишкекти туристтик аймак катары өнүктүрүү. Фестивалда Кыргыз Республикасынын туристтик рыногунун 100дөн ашык активдүү катышуучулары тааныштырылды.

Связанный пост