Мэрияда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн бизнесин өнүктүрүү долбоору талкууланды

 Мэрияда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн бизнесин өнүктүрүү долбоору талкууланды

Муниципалитеттин жыйындар залында Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачеванын төрагалыгы алдында аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн социалдык келишим боюнча жыйын өттү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы, министрликтин өкүлдөрү, муниципалдык администрациялардын башчыларынын социалдык маселелер боюнча орун басарлары, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары, шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жана МАБдардын өкүлдөрү катышты.

Социалдык келишимде ар бир үй-бүлөгө жеке бизнесин өнүктүрүү үчүн 100 миң сомго чейин социалдык жардам каралган.

Социалдык келишим – аз камсыз болгон  үй-бүлө (же алардын тобу) менен аймактык бөлүмдүн ортосундагы өз ара милдеттенмелер жөнүндө келишим, ага ылайык аймактык бөлүм муктаж үй-бүлөгө социалдык жардам көрсөтүүгө,  Программада каралган иш-чараларды ишке ашырууга милдеттенет.

Жолугушууда шаардыктар тарабынан социалдык келишим түзүү жана арыз берүү процесси, ошондой эле, бизнести өнүктүрүү үчүн каражат алган үй-бүлөлөрдү андан ары көзөмөлдөө талкууланды.

В.Мозгачева документтерди натыйжалуу кабыл алуу үчүн жарандардын арызын кабыл ала турган адистерди даярдоо зарылдыгын белгиледи.

Жыйын  суроо-жооп форматында улантылды.

Связанный пост