Бишкектеги мыйзамсыз курулуштар боюнча 2 кылмыш иши козголду

 Бишкектеги мыйзамсыз курулуштар боюнча 2 кылмыш иши козголду
Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан шаар курулуш мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүдө, Бишкек шаардык мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын (азыркы учурда Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүүнү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы) жооптуу кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндөгү” Жобонун талаптарын бузушуп, капиталдык курулуштардын курулушуна көзөмөл жүргүзүү жана аны эксплуатацияга кабыл алуу архитектура жана курулушту көзөмөлдөө органдарынын ыйгарым укугу болгондугуна карабастан, Бишкек шаарынын “Ынтымак” конушунда курулган 3 жана 2 кабаттуу турак жайларды кабыл алуу жөнүндө ырастоо берип коюшкандыгы аныкталган.
Бишкек шаарынын архитектура курулуш контролдоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, аталган имараттар курулуп жаткан объектилердин реестрине киргизилген эмес.
Андан соң, ээлери үйлөрдүн профилин жана планын өзгөртүшүп, көп батирлүү турак жай катары уруксат кагаздарын алып алышкан.
Бүгүнкү күндө, Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринен улам көп батирлүү турак жайлар эч кандай тийиштүү мамлекеттик көзөмөл жүргүзүлбөстөн жана эксплуатацияга кабыл алынбастан колдонулуп, жарандардын жана мамлекеттин кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтирилген.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мэриянын аталган башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен 2 кылмыш иши козголуп, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Связанный пост