Бишкекте “Акыркы коңгуроо” иш-чарасы өттү
Окуу жылынын аякташына байланыштуу борбор калаанын мектептеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаты өткөрүлдү. Бүтүрүүчүлөрдү райондордун акимдери куттукташты.
Ленин районунун акими Мураталы Тагаев №68 мектепте болуп, бүтүрүүчүлөрдү жана мугалимдер жамаатын окуу жылынын аякташы менен куттуктады.
Бүтүрүүчүлөр жана бардык коноктор үчүн мектептин чыгармачыл топтору тарабынан музыкалык куттуктоолор, ошондой эле мугалимдердин жана ата-энелердин куттуктоолору жана коштошуу сөздөрү айтылды. Анан, албетте, мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн вальсы майрамдын эң таасирдүү бөлүгү болду.
№49 А.Толубаев атындагы мектеп-гимназиясынын жана №99 Т.Касымбеков атындагы орто мектебинин салтанаттуу линейкасына Биринчи май районунун жетекчилиги барды.
Окуу жылынын жыйынтыгы менен №99 мектептин 11-классынын эң мыкты окуучусу Темирлан Мукашовго байрак, ал эми өзгөчөлөнгөн мугалимдерине сыйлыктар тапшырылды.
Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев №100 мектепте болду. Белгилей кетсек, аталган окуу жайдын бүтүрүүчүсү Адил Рысбергенов IT-технология адистиги боюнча Түндүк Америка университетине гранттык негизде тапшырган.