Бишкекте “Акыркы коңгуроо” иш-чарасы өттү

Окуу жылынын аякташына байланыштуу борбор калаанын мектептеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаты  өткөрүлдү. Бүтүрүүчүлөрдү  райондордун акимдери куттукташты.

№33 гимназияда өткөн салтанатка Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков катышты. Ал бүтүрүүчүлөрдү жана алардын ата-энелерин бүгүнкү маанилүү күн  менен чын жүрөктөн куттуктап, аларга алдыдагы экзамендерди ийгиликтүү тапшырууну каалады.

Ленин районунун акими Мураталы Тагаев №68 мектепте болуп, бүтүрүүчүлөрдү жана мугалимдер жамаатын окуу жылынын аякташы менен куттуктады.

Бүтүрүүчүлөр жана бардык коноктор үчүн мектептин чыгармачыл топтору тарабынан музыкалык куттуктоолор, ошондой эле мугалимдердин жана ата-энелердин куттуктоолору жана коштошуу сөздөрү айтылды. Анан, албетте, мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн вальсы майрамдын эң таасирдүү бөлүгү болду.

№49 А.Толубаев атындагы мектеп-гимназиясынын жана №99 Т.Касымбеков атындагы орто мектебинин салтанаттуу линейкасына  Биринчи май районунун жетекчилиги барды.

Окуу жылынын жыйынтыгы менен  №99 мектептин 11-классынын эң мыкты окуучусу Темирлан Мукашовго байрак, ал эми өзгөчөлөнгөн мугалимдерине сыйлыктар  тапшырылды.

Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев №100 мектепте болду. Белгилей кетсек, аталган окуу жайдын бүтүрүүчүсү Адил Рысбергенов IT-технология адистиги боюнча Түндүк Америка университетине гранттык негизде тапшырган.

Связанный пост