Бир жумада 2 миң тоннага жакын көмүр сатылды

 Бир жумада 2 миң тоннага жакын көмүр сатылды

Кыргызстанда жарандар кышкы жылытуу мезгилине алдын ала даярданып, көмүр сатып ала баштады. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” ААКтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыркы бир жумада Чүй, Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында 2 миң тоннага жакын көмүр сатылган.

Ишкана жарандарды көмүрдү суроо-талап күчөгөн мезгилге калтырбай, жылытуу мезгилине алдын ала камдап алууга чакырды.

Белгиленгендей, көмүр сатылган базалардын даректери жана байланыш номерлери “Кыргызкөмүрдүн” расмий социалдык тармактарындагы баракчаларында жана 2GIS тиркемесинде көрсөтүлгөн.

Связанный пост