Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы 2-сентябрда башталат

 Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы 2-сентябрда башталат

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышы жайкы эс алуудан кийин өз ишин 2-сентябрда баштайт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул күнү II сессия башталып, эл өкүлдөрү ишин улантат.

Борбордук шайлоо комиссиясынан биздин агенттикке маалымдашкандай, күн мурун, 17-августта Боршайкомдун төрагасы Тынчтык Шайназаров парламенттин төрагасы Марлен Маматалиевге кат жиберген. Анда президенттик шайлоону дайындоо боюнча маселени 17-сентябрда боло турган жыйындын күн тартибинде киргизүү сунушу айтылган.

Белгилей кетсек, 25-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары I сессиянын ишин жыйынтыктап, жайкы эс алууга тарашкан.

Связанный пост