Президент Чаткал эли менен жолугуп, көйгөйлөрдү чечүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Чаткал районунун активи жана тургундары менен жолугушту.

Мамлекет башчысы жергиликтүү бюджеттин өсүшүн, инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышын жана мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоону белгилеп, райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары тууралуу айтып берди.

“2021-жылы Чаткал районунун бюджетинин көлөмү 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 746 млн сомго жеткен. Башкача айтканда, райондун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу болжол менен 2,5 эсеге көбөйгөн.

Ал эми, “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу 2026-жылдын 9 айында райондогу капиталдык курулуш тармагындагы 5 объектиге жалпысынан 233 млн сом каралып, 2026-жылдын 1-октбярына карата 216 млн сом акча каражаты берилген”, – деди Садыр Жапаров.

Президент тоо-кен тармагын өнүктүрүү жана анын аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы маселесине да токтолду. Ал тоо-кен компаниялары социалдык пакеттерден тышкары өз кирешелеринин 2%ын облустун Өнүктүрүү фондуна жана райондук фонддорго которорун белгиледи. Дүйнөлүк бааларга жараша бул аймактарды өнүктүрүүгө жыл сайын 200 млн сомдон 500 млн сомго чейин каражат бөлүүгө мүмкүндүк берет. Каражаттар, атап айтканда, айылдардагы социалдык объектилерди оңдоого жана жаңылоого жумшалат.

Ошол эле учурда Мамлекет башчысы жаратылыш ресурстарына жоопкерчиликтүү мамиле кылуу жана экологиялык талаптарды сактоо зарылдыгын баса белгиледи.

“Биз бир нерсени эстен чыгарбашыбыз зарыл, албетте кен байлыктар казылат, бирок кен иштетилген соң ал жерлерге техникалык жана биологиялык рекультивация сөзсүз түрдө, толук кандуу жасалышы шарт. Жаратылышка, келечек муунга зыян келбеши керек”, – деп белгиледи Президент.

Жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө токтолгон Садыр Жапаров акыркы беш жылда Чаткал районунда 129 чакырым жолго асфальт төшөлгөнүн билдирди. 2026-жылы дагы 46 чакырым жолго асфальт төшөлүп, иштер улантылууда. Мындан тышкары, узундугу 217 чакырымды түзгөн Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка автомобиль жолун оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күнгө карата 90 чакырым жолго асфальт төшөлгөн. Иштерди толук аяктап, жолду пайдаланууга жакынкы эки-үч жылдын ичинде берүү пландалууда.

Мамлекет башчысы энергетиканы өнүктүрүүгө да өзгөчө көңүл бурду. Чаткал районунда жалпы кубаттуулугу 146 МВт болгон Чаткал ГЭСтер каскадынын курулушу жүрүп жатат. Долбоорду ишке ашыруу өлкөдө электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүүгө, райондун гидроэнергетикалык потенциалын пайдаланууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Президент калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселесин да көтөрдү. Учурда райондун алты айылы ичүүчү суу менен камсыз болгон, дагы 11 айылда суу менен камсыздоо системаларын куруу жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Калган калктуу конуштар үчүн долбоордук-сметалык документтер даярдалууда. Мындан тышкары, быйыл айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында дыйкандарга талаа иштерин жүргүзүү үчүн жеңилдетилген шарттарда күйүүчү май берилди.

Жыйынтыгында Президент Садыр Жапаров социалдык маселелерди чечүү, анын ичинде райондун билим берүү жана маданий инфраструктурасын жаңылоо маселелерине токтолду.

“Өзүңүздөргө маалым, мен буга чейин Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы райондорунун калкы менен жолугушуп келдим. Бардыгында дээрлик окшош көйгөйлөр: мектеп, бала бакча, маданият үйлөрүн жаңыртуу, жаңыдан салуу, жер тилкелерине байланыштуу өтүнүчтөрү болду. Чаткал районунда дагы тээ совет мезгилинде курулган мектеп, бала бакча, маданият үйлөрү, жол, көпүрө сындуу социалдык көйгөйлөр бар экенин билем.

Бүгүнкү күндө кайсы тармак болбосун билимге, илимге байланыштуу өнүгүү жолуна түшөт. Ошондуктан биз жогоруда аталган көйгөйлөрдүн ичинен мектеп маселесин 2028-жылга чейин толугу менен чечебиз деген максатты койдук. Анан дароо бала бакчалар менен маданият үйлөрүнө көңүл бурабыз.

Райондун инфратүзүмүн жакшыртуу жана жергиликтүү тургундардын жашоо шарттарын жогорулатуу жаатында дагы бир топ иштер аткарылат. Ага мүмкүнчүлүктөрүбүз жетиштүү, алдыбызда чоң-чоң максаттарды коюп жатабыз”, – деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Жолугушуу суроо-жооп форматында уланды.

Связанный пост