Базар-Коргондо 187 млн сомдук 4 га жер мамлекетке кайтарылды

 Базар-Коргондо 187 млн сомдук 4 га жер мамлекетке кайтарылды

Базар-Коргон районунда 187 млн 876 миң сомго бааланган 4 гектар жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек – Ош унаа жолунун Базар-Коргон шаары аркылуу өткөн тилкесиндеги жер 2013-жылы айыл өкмөттүн кызмат адамдары тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз берилгени аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде аталган жер тилкеси толугу менен муниципалдык менчикке өткөрүлдү.

Связанный пост