Коррупция фактысы боюнча КР министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары кызматынын Жалал-Абаддагы филиалынын директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Москва районунда жер бөлүштүрүү боюнча коррупциялык кылмыштар фактысы туралуу КР министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары кызматынын Жалал-Абад шаардык филиалынын директору Р.Э.И. […]Читать далее
Күн мурун Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XXXVIII сессиясы өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, сессиянын башында Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү тарабынан президенттин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 жарлыгына ылайык, пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндөгү убактылуу жобого ылайык депутаттар мындан ары өз ишмердүүлүгүн улантып, ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып баруусу айтылды. […]Читать далее
Кыргызстан 2025-жылы PISA эл аралык изилдөөсүнө катышат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Алтынбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, изилдөө онлайн жана офлайн негизде өтөт. Азыркы учурда Кыргызстан изилдөөгө онлайн катышууга толук шарттар барбы деген маселенин үстүндө иштер жүргүзүлүп жатат. […]Читать далее
Жалал-Абад шаарында муниципалдык таш майдалоочу завод ишке кирди. Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган завод Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен сатып алынган. Учурда таш майдалоочу заводдо асфальт заводго керектүү таштарды майдалап даярдоо иши жүрүп жатат.Читать далее
Адылбек Касымалиев менен Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев биргелешкен долбоорлорду
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рапил Жошыбаев менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө жогорку деңгээлде боло турган иш-чараларды уюштуруу жана даярдоо, ошондой эле соода-логистикалык, өнөр жай, экономикалык, жол, чек ара тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кеңири пикир алмашуу болду. Ошондой эле эки […]Читать далее
Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Масы айылында заманбап этномузей жана китепкана курулат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. Ноокен районунун Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан эскиздик долбоор иштелип чыкты. Этномузей жана китепкана борбордук эс алуу паркына курулат. Долбоорлорду быйыл ишке ашыруу пландалууда.Читать далее
“Сосновка” постунда жана Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай чектөө кар жаап, аба-ырайынын кескин өзгөрүүсүнө байланыштуу киргизилди. Чектөөнүн алынышы боюнча кошумча маалымат берилет. ЖКККББ алыскы жолго чыккан айдоочулардан жолго чыгаарда алдын ала пландап, аралыкты сактап, ылдамдыкты азайтып, баардык коопсуздук эрежелерин так […]Читать далее
Күн мурун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотованын япониялык Meitetsu Group компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын жарандарын Японияда окутуу жана ишке орноштуруу жаатында кызматташуу маселелери талкууланды. Аталган компания 130 жыл мурун түптөлүп, учурда темир жол, деңиз жана автоташуулар, курулуш жана кыймылсыз мүлк, […]Читать далее
Акылбек Жапаровго Бишкектин инфраструктуралык жана архитектуралык долбоорлору тааныштырылды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров «Бишкек башкы архитектурасында» жыйын өткөрдү. Жыйындын алкагында инфраструктуралык жана архитектуралык долбоорлор сунушталды. Алсак, жол-транспорт инфраструктурасын жакшыртууга багытталган чечимдер, анын ичинде “акылдуу паркинг” системасын киргизүү, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн тоскоолдуксуз мейкиндиктерди, диагоналдык жөө өтмөктөрдү, транспорт түйүндөрүн түзүү, велосипед инфраструктурасын өнүктүрүү, асма жолдорду куруу, […]Читать далее
МинКаб төрагасы Бишкек шаарынын мэриясынын Кырдаалдык борборунун иши менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жол транспортунун абалы, жүргүнчүлөрдүн агымы жөнүндө маалыматтарды иштеп чыгуу жана «акылдуу» светофор жөнгө салуусу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Кырдаалдык борборунун иши менен таанышты. Министрлер Кабинетинин Төрагасына ишке киргизилген жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган тутумунун (АТКС) жана автотранспорт каражаттарынын видеодетекторлор системасынын мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү. Жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган […]Читать далее