Аймак

Ошто ооруга чалдыккан дарактардын ордуна 2 миң түп жаңы көчөт

Ош шаарындагы ооруга чалдыккан бак-дарактарды алуу жана анын ордуна жаңы көчөттөрдү отургузуу боюнча коомдук угуу өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Коомдук угууда, алгач Курманжан датка көчөсүндөгү ооруга чалдыккан бак-дарактардын учурдагы абалы, шаардын микроклиматын жакшыртууга багытталган демилге тууралуу маалыматтар берилип, катышуучулардын коомдук угууга чыгарылган демилге боюнча ой-пикирлери, сунуштары угулуп, адистерге бир катар суроолор берилди. Угууга Ош […]Читать далее

Аймак

Соода-өнөр жай палатасы баткендик ишкерлер менен кызматташууну күчөтөт

КР Соода-өнөр жай палатасынын (СӨП) Баткен облусу боюнча өкүлү Данияр Абдуллаев Кызыл-Кыя шаарынын прокуратурасынын жана салык кызматынын өкүлдөрү менен эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо максатында жолугушуу уюштурду. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чаранын жүрүшүндө Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү уюм тууралуу кеңири маалымат берип, ишкерликти колдоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. “Жакынкы арада бизнестин, мамлекеттик органдардын жана […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңештин депутаттары аймактарда шайлоочулар менен иш алып барат

Жогорку Кеңештин депутаттары аймактарга барып, шайлоочулар менен иш алып барат. Парламенттен билдиришкендей, тиешелүү токтомдун долбоору бүгүн, 14-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынды. Ага ылайык, 2024-жылдын 18-мартынан тартып 20-мартын кошуп алгандагы мезгил жана 25-мартынан тартып 29-мартын кошуп алгандагы мезгил Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөө убактысы деп эсептелет.Читать далее

Экономика

Быйылкы жылдын эки айында Чүй облусуна 138,6 млн сом бөлүндү

Чүй облусу боюнча 2024-жылдын 2 айында республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 52,4 млн сом өлчөмүндө каржыланды. Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен: теңдөөчү трансферт – 44,0 млн сом; айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 7,9 млн сом; электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 0,5 млн сом; Мындан тышкары, Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда жыл башынан бери 1 млрд сомго 163 айыл чарба

Бүгүн, 14-мартта суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Мурат Раматов мамлекеттик лизинг программасынын алкагында дыйкандарга айыл чарба техникаларын тапшырды. Веломстводон белгилешкендей, 2023-жылы айылдык товар өндүрүүчүлөргө жалпы 4,3 млрд сомго 1155 техника берилген, ал эми 2024-жылдын эки айында 1 млрд сомго 163 даана техника дыйкандарга тапшырылды. 2024-жылдын аягына чейин […]Читать далее

Коом

Кыргыз-казак чек арасында 500дөн ашуун жүк ташуучу унаа топтолду

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги “Ак-Тилек-автожол” жана “Чалдыбар-автожол” көзөмөл өткөрүү жайларында жүк ташуучу унаалардын топтолуусу байкалууда. Чек ара кызматынан билдиришкендей, бүгүн, 14-мартта саат 12.30га карата “Ак-Тилек-автожол” пунктунда Кыргызстандан чыгууга 430 жүк ташуучу унаа турат. Өткөн суткада Кыргызстандан Казакстанга 342 унаа чыккан. Ал эми “Чалдыбар-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайында Кыргызстандан Казакстанга багыт алган 90 жүк ташуучу унаа катталган. […]Читать далее

Коом

Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен жеринде жер титирөө катталды

Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен жеринде жер титирөө катталды. Улуттук илимдер академиясына караштуу Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 14-мартта саат 10:49да катталып, очогунда күчү 3,4 баллга жеткен. Жер титирөө Ош облусунун Араван районунун Мангыт, Кочубаев жана Кызыл-Коргон айылдарында 2,5 баллга (Ош шаарынан 47 чакырым батышка) чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Читать далее

Коом

Салык кызматы 45 миңден ашык булут электрондук кол тамгасын берди

Мамлекеттик салык кызматы булут электрондук кол тамгаларды берүү кызматы ишке киргизгенден бери 45 миң 141 кол тамга берди. Алардын ичинен жеке жактарга — 13 миң 820 кол тамга жана юридикалык жактарга — 31 миң 321 кол тамга берилген. Салык кызматынын басма сөз кызматынан булут электрондук кол тамгасын алуу акысыз жана бир аз гана убакытты аларын […]Читать далее

Аймак

Ошто “Мамлекеттик акселераторлор” программасынын алкагында аткарылуучу жумуштар талкууланды

Бүгүн Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча “Мамлекеттик акселераторлор” программасынын алкагында Ош шаарында иш алып барып жаткан жумушчу топ менен жыйын өткөрдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйында балдарды бала бакчага камтууну жогорулатуу үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдө аялдардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленип, Ош шаарынын аймагында үй тибиндеги […]Читать далее

Экономика

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май рыногундагы баанын абалы туруктуу

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май рыногундагы баанын абалы туруктуу. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. 14-мартка карата республика боюнча, АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы 62,1 сом/литр, дизель майы 70,6 сом/литрди түздү. Белгилей кетсек, Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу арзан. Үстүбүздөгү жылдын 14-мартына карата ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде күйүүчү-майлоочу майлардын орточо салыштырма баасы, сом/л. (Улуттук банктын […]Читать далее