Кыргызстанда жыл башынан бери 1 млрд сомго 163 айыл чарба техникасы лизингге берилди

 Кыргызстанда жыл башынан бери 1 млрд сомго 163 айыл чарба техникасы лизингге берилди

Бүгүн, 14-мартта суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Мурат Раматов мамлекеттик лизинг программасынын алкагында дыйкандарга айыл чарба техникаларын тапшырды.

Веломстводон белгилешкендей, 2023-жылы айылдык товар өндүрүүчүлөргө жалпы 4,3 млрд сомго 1155 техника берилген, ал эми 2024-жылдын эки айында 1 млрд сомго 163 даана техника дыйкандарга тапшырылды.

2024-жылдын аягына чейин 5 млрд сомго 1200дөн ашык айыл чарба техникасын алуу пландалууда.

Белгилей кетсек, 2011-жылдан 2024-жылга чейин. 14,7 млрд сомго 6 миң 77 даана техника чыгарылган, алар:

  • тракторлор – 3334 даана.
  • комбайндар – 243 даана.
  • кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулар – 26 даана.
  • чиркелүүчү техникалар – 1004 даана.
  • атайын техника – 1448 даана.
  • унаа каражаттары – 22 даана.

Связанный пост