Бишкектин жолдорун кардан тазалоо улантылууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, 7-8-декабрь күндөрү “Тазалык” муниципалдык ишканасы борбор калаанын жолдорун кардан тазалоо иштерин жүргүздү. Тазалоо иштерине төмөнкү техникалар тартылды: жолдорго туз себүү үчүн атайын туз чачкан 22 даана техникасы; 2 даана жүктөгүч; тротуарларды кардан тазалоо үчүн 23 даана трактор (Беларусь); 4 даана Бобкат; 1 даана кар […]Читать далее
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Россия Федерациясындагы иш сапары башталды. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, алгач төрага Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери менен бирге Москва шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун борбордук музейине барып, Даңк залындагы жоокердин эстелигине гүлчамбар койду. Муну менен катар Улуу Ата Мекендик […]Читать далее
Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев күн мурун Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айыл аймагынын жер көчкү жүргөн тилкесине барып, кырдаал менен жеринен таанышты. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, облус жетекчиси тийешелүү кызматтар менен биргеликте абалга байкоо жүргүзүп, жолду тез арада ачуу үчүн жакын райондогу бардык техникаларды тартуу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле бардык кооптуу тилкелерге мониторинг жүргүзүп, алдын алуу чараларын […]Читать далее
“Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа” долбоору боюнча алмашуу ноталары
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 1-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы “Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа” долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы “Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз […]Читать далее
Бишкектен Караколго биринчи техникалык каттам аткарылды. “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришкендей, бүгүн “Асман Эйрлайнс” мамлекеттик авиакомпаниясынын учагы толук кандуу курулуп, реконструкцияланган “Каракол” эл аралык аэропортуна конду. “Каракол” эл аралык аэропортунун салтанаттуу ачылышы 10-декабрда өлкө башчысы Садыр Жапаровдун катышуусунда өтөт. Жаңы аэропорт аймактагы туризмди жана инфраструктураны өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачмакчы.Читать далее
Төрага Нурланбек Шакиев теле жана радио кызматкерлерин кесиптик күнү менен куттуктады. Куттуктоо тексти: Урматтуу мекендештер! Кымбаттуу теле жана радио кызматкерлери! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 8-декабрь – теле жана радио кызматкерлеринин кесиптик күнү менен чын дилимден куттуктайм! Кыргыз телерадиоберүү тармагынын пайдубалы 1958-жылдын дал ушул күнү негизделген. Тагыраагы, биринчи улуттук телестудия ишке […]Читать далее
Бишкек-Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди. Аба ырайы кескин өзгөрүп, тоолу аймактарда кар жаагандыгынан улам Бишкек-Ош унаа жолунун “Сосновка” көзөмөл өткөрмө жайынан оор жүк ташуучу унаалардын жүрүү кыймылына толугу менен чектөөлөр киргизилди. Жол ачылганда толук маалымат берилет.Читать далее
Президент радиоуктуруу жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-декабрда, радиоуктуруу жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу телекөрсөтүү жана радиоуктуруу кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Бүгүнкү күндө кыргыз журналистикасы санарип доордун чакырыктарына ылайыкташып, ырааттуу өнүгүү жолунда баратат. Коомдук […]Читать далее
Бүгүн саат 17:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айыл аймагынын Кара-Кулжа-Сары-Булак ички чарбалык унаа жолунун 5-чакырымында (Көк-Жар тилкеси) жалпы көлөмү болжол менен 12000м³ жер көчкү түшүп, жол эки тараптуу жабылган. КР ӨКМнин пресс-борборунун маалыматына ылайык, жабыркагандар жок жана Шаркыратма айылы аркылуу өтчү айланма жолу бар. Азыркы учурда ИИМ кызматкерлери тарабынан пост уюштурулган. Бул аймака […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты – кылмыштуулукка каршы натыйжалуу күрөшүү, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоону камсыз кылуу, ошондой эле укук коргоо органдарынын тергөө бөлүмдөрүнүн ишин оптималдаштыруу болуп саналат. […]Читать далее