Ош шаарында 3 кабаттуу унаа токтотуучу жай курулат. Шаардык мэриядан билдиришкендей, эски гараждар бузулгандан кийин Исанов көчөсүндөгү 2,8 гектар жерге 3 кабаттуу 156 орундуу унаа токтотуучу жай куруу жана көрктөндүрүү боюнча алдын ала долбоору иштелип чыккан. Маалым болгондой, алдын ала долбоор Ош облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан даярдалган.Читать далее
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 12-мартта, Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. “Манас” эл аралык аэропортунда Тажикстандын президентин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров тосуп алды. Флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинди, килем төшөлдү, улуттук боз үй түрүндө инсталляция орнотулду, ардак кароол тизилди. Улуттук кийимчен кыздар Эмомали Рахмон менен учурашып, ага гүл сунушту. Мамлекет башчылары кыргыз жана тажик […]Читать далее
Жылдагыга салыштырмалуу быйыл балдарды 1-класска электрондук каттоо жеңилдетилди. Бул тууралуу маалымат жыйынында билим билим берүү жана илим министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева билдирди. Анын айтымында, башка жылдардан өзгөчөлөнүп быйыл 1-2-класстарга барчу балдарды мамлекет өзү проактив режиминде каттады. “Мурда ата-энелер бир нече маалымкатты тиркеп, өзүнүн жеке кабинетин ачып анан баласын мектепке каттачу. Өлкөбүздө […]Читать далее
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына (РКЖОО) барып, кызамык жана башка жугуштуу оорулар боюнча учурдагы эпидемиологиялык абал менен таанышты. Бүгүнкү күндө ооруканада кызамык диагнозу менен 133 бейтап жатса, анын үчөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Буга чейин кызамык оорусу күчөгөнүнө байланыштуу Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 9 адистештирилген бөлүм ачылган. Бирок ооругандардын саны […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Кыргыз Республикасына автотранспорттун кузовун ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу жөнүндө” токтом кабыл алды. Бул чечим жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого, автотранспорт каражаттарын сатып алуу процессинин айкындуулугуна жана ак ниеттүү транспорт ээлеринин укуктарын коргоого багытталган. Акыркы жылдары өкмөт көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүү жана мамлекеттик бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү, анын ичинде жол кыймылынын коопсуздугун […]Читать далее
Жогорку Кеңеште жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды ѳткѳрүүгѳ карата даярдыктын жүрүшү
Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматы угулду. Бул багытта депутаттарга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев маалымат берди. Анын маалыматында, быйыл […]Читать далее
Бишкекте мэр Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында борбор калаада укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын кеңешмеси өттү. Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйында Нооруз майрамын өткөрүүгө даярдык көрүү жана башка курч маселелер талкууланды. Мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басары Виктория Мозгачева майрамдын урматына кандай иш-чаралар пландалып жатканын айтып берди. Калаа башчысы орун басарына Бишкек шаарындагы бардык майрамдык иш-чараларды […]Читать далее
Кемин шаарындагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Текшерүү иш-чараларынын натыйжасында УКМК тарабынан Чүй облусунун Кемин шаарындагы бала бакча мамлекетке кайтарылды. Текшерүү иш-чараларынын натыйжасында КР УКМК тарабынан Чүй облусунун Кемин шаарындагы бала бакча мамлекетке кайтарылды.Текшерүү иш-чараларынын натыйжасында КР УКМК тарабынан Чүй облусунун Кемин шаарындагы бала бакча мамлекетке […]Читать далее
Ош шаарында жарандык комиссия жер титирөө боюнча тактоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Эске салсак, бүгүн саат 09:11де Ош облусунун аймагында күчү 5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөдөн Кара-Суу районунун Мады айылынындагы турак үйдө эки бөлмөнүн ортосунда чийки кыш менен тосулган тосмо кулап түшкөнү кабарланып, жерине жарандык коргонуу комиссиясы барган […]Читать далее
Кыргызстанда чыгарылган айыл чарба продукцияларынын 60тай түрү 80дей мамлекетке экпорттолууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев парламенттин жыйынында жазгы талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдык жүрүшү жөнүндө маалымат берип жатып билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү 425 ишкана ЕАЭБ өлкөлөрүнө айыл чарба […]Читать далее