Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2026-жылдагы эс алуу жана майрам күндөрдү бекитти. Эмки жылы төмөнкү мамлекеттик майрамдар белгиленет: 1-январь – Жаңы жыл; 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнү, 8-март – Аялдардын эл аралык күнү; 21-март – Нооруз; 7-апрель – Апрель революциясы күнү; 1-май – Эмгек майрамы; 5-май – Конституция күнү; 9-май – Жеңиш күнү; […]Читать далее
Транспорт каражаттарын сатууда салыктык жеңилдиктер берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Мындай жеңилдиктер президент Садыр Жапаровдун “Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгында каралган. Тактап айтканда, жарлык төмөнкүлөрдү камтыйт: – үч жылдык мөөнөткө жеке жана юридикалык жактарды автомототранспорт каражаттарын сатууда салыктарды төлөөдөн бошотуу; – жеке ишкерлер катары катталгандарды кошпогондо, жеке жактарды 2026-жылдын 1-январына чейинки мезгилде […]Читать далее
Россиянын Кыргызстанга салган инвестициясы 75 пайызга өстү. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Кыргыз-Россия ишкер клубунун биринчи жыйынында билдирди. Ал белгилегендей, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык ЕАЭБ, КМШ, ШКУ келишимдеринин, эркин соода аймагы жөнүндөгү макулдашуулардын, ошондой эле Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (БСУ/ВТО) кирген учурдан тартып, аталган уюмдун эрежелерине ылайык […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россиянын Москва шаарына барды. Минкаб төрагасы эки күндүк иш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына жана илим жана технологиялар жаатындагы кызматташтык боюнча эл аралык конференцияга катышат.Читать далее
Өлкөдө курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоонун күчөшүнө байланыштуу Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында жана Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда кошумча 200 орун даярдалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Ошондой эле Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасы күчөтүлгөн режимде иштеп, кабыл алуу бөлүмүнө кошумча 10 педиатр тартылды. Учурда сасык тумоо менен кайрылган […]Читать далее
Ош шаарындагы “Келечек” базарына соодагерлерди көчүрүү 1-мартка жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн мэр Жеңишбек Токторбаевдин таңкы рейддик кыдыруусу учурунда билдирди. Муниципалитеттен билдиришкендей, базарды көчүрүү кыштын ызгаарында соодагерлерди кыйнабоо максатында жылдырылган. Ошондой эле мэр Ош базары, Жибек-Жолу, Келечек жана таттуулар базарындагы курулуш иштерин жеринен көрүп, кемчиликтерди тез арада чечүү тапшырмасын берди. Мындан тышкары, эски аэропорттун ордуна курулган […]Читать далее
Кыргызстанда БУУнун Башкы ассамблеясынын чечими менен жыл сайын 11-декабрда белгиленүүчү Эл аралык тоо күнүнө арналган декаданын иши уланууда. Иш-чаралар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан бекитилген Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттердин глобалдык программасын ишке ашыруунун алкагында, Кыргызстандын президентинин Тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлүнүн жетекчилиги алдында өткөрүлүп жатат. Он […]Читать далее
Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров Катардын Al Mansour холдингинин делегациясы менен жолугушту. Агенттиктен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстанда ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин, анын ичинде финансы жана банк секторундагы багыттарды, кендерди иштетүү, агроөнөр жай комплекси, логистика, курулуш жана туристтик инфраструктураны өнүктүрүү багыттарын талкуулашты. Равшанбек Сабиров өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө, “Тамчы”, “Ала-Тоо Резорт”, […]Читать далее
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жаңы жылдык салюттардан баш тартууга чакырат. Ведомствонун маалыматы боюнча, мындай чечим пиротехниканын атмосфералык абага тийгизген терс таасирине байланыштуу. Анткени кыш мезгилинде абаны булгоочу заттардын концентрациясы кескин жогорулайт. Мындан тышкары, пиротехникалык буюмдар олуттуу көлөмдөгү тиричилик таштандыларын чыгарат жана өрт чыгуу коркунучун жогорулатат. Министрлик салюттардын ордуна заманбап экологиялык таза альтернативалар […]Читать далее
Лебединовка айылында экологиялык талаптарды бузган пенопласт чыгаруучу ишкананын иши токтотулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Буга чейин Фейсбук социалдык тармактарда аталган ишканадан коюу түтүн чыгып жатканы боюнча видео тараган. Ал пенопласт чыгаруучу “Барс Аю” ЖЧК экендиги такталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө ишканада чаң жана газ тазалоочу орнотмонун жоктугу аныкталган. Мындан улам ишканага […]Читать далее