Коом

Достук айылынын тургундары үчүн заманбап шарттагы үйлөр курулууда

Достук айылынын тургундары үчүн заманбап шарттагы үйлөр курулууда. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев телеканалдардын биринде берген маегинде билдирди. Анын айтымында, Достук айылындагы 71 үй жаңы Достук айылына көчүрүлөт. Учурда атайын долбоор иштелип чыгып, заманбап үйлөрдүн курулуш иштери башталды. “Жаңы Достук айылы Баткен шаарына жакын жерде жайгашкан. Баткен шаарынын инфраструктурасына […]Читать далее

Ден соолук

Кыргызстанда сейрек кездешүүчү ооруларга чалдыккан балдарды колдоо борбору түзүлдү

Мурда онкологиялык оорулар менен жабыркаган балдарга колдоо көрсөтүп келген кайрымдуулук фонду эми сейрек кездешүүчү (орфандык)ооруларга чалдыккан бардык балдарды колдоо үчүн кайра профилдештирилет. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, мындай демилгенин максаты – фонддун мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана кымбат баалуу дарылоого муктаж көбүрөөк баланы камтуу. Эми жарандар жана уюмдар жардам көрсөтүүнү кааласа, ар кандай сейрек оорулар, анын ичинде жүлүн […]Читать далее

Кадр саясаты

Эрмекбай Омошев Талас облусунун Манас районунун акими болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Омошев Эрмекбай Алянович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Талас облусунун Манас районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.Читать далее

Коом

Катта-Туз тилкесиндеги Кыргызстандын мунай скважиналары бизде калды – Назирбек Бөрүбаев

Катта-Туз тилкесиндеги Кыргызстандын мунай скважиналары бизде калды. Бул тууралуу Кыргыз өкмөтүнүн чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйынында билдирди. Парламенттеги жыйында депутат Камила Талиева Катта-Туздагы кытай тарап куруп берген мунай скважиналары Кыргызстанга өттүбү деген суроо узатты. Назирбек Бөрүбаев эл өкүлүнүн суроосуна жооп берип жатып, скважиналар Кыргызстанда калганын айтты. “Бул жердеги […]Читать далее

Коом

Камчыбек Ташиев: Чек ара сызыгы “Головной” участогунун ортосунан өтөт

Жогорку Кеңештеги кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди кароо учурунда “Головной” участогу кыргыз менен тажик тарапка теңме-тең бөлүштүрүлүп, коңшу тарапка 4 метр жер берилгендигин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Анын айтымында, бул 4 метр жердин ордуна Кыргызстан 750 гектар жер тилкесин алган. “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайы 1975-жылдары кыргыз тарап курган. Бирок, эки тарап бирдей пайдаланып келгенбиз. […]Читать далее

Аймак

Бакыт Төрөбаев Нарында эл менен жолугушууларды өткөрүүдө

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жумушчу сапары менен Нарын облусуна барды. Ведомстводон аалымдашкандай, ал жумушчу сапарынын алкагында Ат-Башы, Нарын, Ак-Талаа, Кочкор, Жумгал райондорунун III Элдик курултайда айыл чарбасы жаатында маселелери менен кайрылган делегаттар жана жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрүүдө. Жолугушууда дыйкан-фермерлер […]Читать далее

Коом

Кыргыз-тажик чек арасынын 488,24 чакырымы акыркы үч жылда такталды

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 488,24 чакырым тилкеси акыркы үч жылдын ичинде такталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Анын айтымында, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумуштары 2002-жылдын декабрь айында башталган. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегациялары […]Читать далее

Аймак

Таласта токойдон чыккан ири өрт жаңы техникалардын жардамы менен өчүрүлдү

Таласта токойдон чыккан ири өрт жаңы алынган техникалардын жардамы менен өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, күн мурун Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылындагы токойдон чыккан өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 5 күжүрмөн эсеп, 40 куткаруучу 2 мотопомпа менен тартылган. Мындан тышкары токой кызматынан 35 адам, жергиликтүү тургундардан 60, жалпы 135 адам жалынды чектөө аракетин көрүүдө. Белгиленгендей, […]Читать далее

Коом

Мурунку “Фламинго” паркынын ордуна заманбап конгресс-холл менен 8 конок үйү

Бишкекте мурунку “Фламинго” паркынын ордуна заманбап конгресс-холл менен 8 конок үйү курулууда. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев бүгүн курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Каныбек Туманбаевдин айтымында, мурда 99 жылга ижарага берилген жердин ордуна азыр заманбап конгресс-хол салынууда. Бул жер мурда ижарага берилгенден кийин 24 жылдын ичинде […]Читать далее

Экономика

МБКнын төрагасы «Кызыл-Бел» жана «Кайрагач» өткөрүү пункттарынын иши менен таанышты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы «Баткен» бажысынын ишмердүүлүк аймагына баруу учурунда, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы «Кызыл-Бел» жана «Кайрагач» өткөрмө пункттарына барды. 2025-жылдын 13-мартында өткөрүү пункттарынын иши кайра жанданган учурдан тартып бажы органдарынын кызматкерлери штаттык режимде кызмат өтөшөт, ал эми маалыматтык системалар жана техникалык каражаттар үзгүлтүксүз иштеп жатат. Өздүк курам менен жолугушуунун жүрүшүндө төрага Кыргызстан менен Тажикстандын […]Читать далее