Түштүк Кореяда расмий түрдө иштеп, эмгек акыларынан төгүмдөрдү жүргүзгөн Кыргызстандын жарандары өлкөгө келгенден кийин бир жолку төлөмдөрдү алышууда. КР Социалдык фондунан билдиришкендей, жалпысынан бүгүнкү күндө Кореянын Улуттук пенсиялык кызматынан пенсиялык топтоолордун бир жолку төлөмдөрүн алуу үчүн кайрылгандардын саны 113 адамды түзөт, алардан 96 адам каралып, бир жолку төлөм төлөндү, 17 адам чечимди күтүүдө. Бир жолку […]Читать далее
Чек ара маселесинин чечилиши мамлекетибиздин чоң жеңиши болду. Мындай пикирин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты. “Президентибиз башында туруп, чек ара маселесин чечсе, сиздер добуш берип, мыйзамдаштырып, ратификациядан өткөрүп жатасыздар. Бул Кыргыз мамлекетибиздин чоң жеңиши болду. Мындан ары тынчтык болуп, ар бир күчүбүздү, энергиябызды, акылыбызды, билимибизди биргеликте, ынтымактыкта мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсүнө жумшашыбызга ар бирибиз […]Читать далее
Чек ара маселеси Садыр Нургожоевичтин саясий эрки менен чечилди. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Жогорку Кеңеште билдирди. Анын айтымында, президент чек ара тилкелерин ар бир метрине чейин билет. “Ачыгын айтыш керек, эң биринчиден мунун башында биздин урматтуу президентибиз Жапаров Садыр Нургожоевич турду. Себеби, Садыр Нургожоевич ушул чек ара тилкелерин ар бир метрине чейин […]Читать далее
Достук айылы эч качан ворухка дарбаза болгон эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Ал белгилегендей, Достук айылынан Ворухка чейин 21,5 чакырым. “Эгерде биз Достук айылын Ворухка дарбаза дей турган болсок, Кызыл-Бел менен Баткенге Ворухка жол беришибиз керек эле. Султанбай Айжигитовдун айтканын жеке […]Читать далее
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: «Кыргыз-тажик чек арасына тиешелүү келишимдердин ратификацияланышы
Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасына байланышкан келишимдердин жана макулдашуулардын парламентте ратификацияланышын тарыхый окуя деп атады. «Чек аралардын чечилиши эки элдин кылымдардан бери келе жаткан достугун чыңдап, ортодогу пикир-келишпестиктерди, кагылышууларды токтотууга өбөлгө түзөт. Муну менен катар саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө көмөкчү болот деген үмүттөбүз. Эки элдин орток тилеги да ушул. Андыктан, […]Читать далее
Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча бир катар мыйзам долбоорлору каралып, үч окууда кабыл алынды. Алсак, жыйында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан демилгеленген «2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору; Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында […]Читать далее
Чек араны коргоодо эрдик көрсөткөндөр “Ата Мекен баатыры” ордени менен сыйланат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. УКМК төрагасынын айтымында, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишим ратификациялоодон өтсө, сыйлык бериле баштайт. “Чек арадагы чыр-чатактарда каза болгон жоокерлерге, ошол жерде катышкан адамдарыбызга, мергенчилерибизге, элдик кошуундарга, өкмөттүк комиссиянын мүчөлөрүнө бир […]Читать далее
Баткендин Көк-Таш участогунан жалпы аянты 141,9 га жер тажик тарапка калтырылып жазылып, анын ордуна Тажикстандын 142,7 га жери Кыргызстанга өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди кароо учурунда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев маалымдады. Анын айтымында, бир да метр жер жөн берилген жок жана ар бир өткөн жердин ордуна коңшу тараптан жер алынган. […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиевдин тапшырмасына ылайык, бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаарындагы борбордук аппаратында ведомстволор аралык комиссиянын отуруму өттү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, комиссия 12-мартта Ош шаарында, Кара-Суу жана Алай райондорунда болгон жер титирөөдөн кийин социалдык объектилердин жана турак жайлардын жабыркаган деңгээлин аныктоо иштерин жүргүзөт. Комиссиянын төрагасы болуп Өзгөчө кырдаалдар министринин орун […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Сейтказиева Эркеайым Алымовна Чүй облусунун Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.Читать далее