Жогорку Кеӊештин ишин чагылдыруу үчүн «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлерине берилген аккредиттик ырастама убактылуу токтотулду. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтында маалымдалат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин хостинг/интернет провайдерлери жана байланыш операторлору аркылуу «Азаттык Медиа» сайттарынын ишин эки айлык мɵɵнɵткɵ токтотуу жɵнүндɵгү чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине ЖМК ɵкүлдɵрүн аккредиттɵɵ тууралуу комиссия ЖМК журналисттерин […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Фондулук рынокту жана биржа ишин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Дүйнөдө фондулук рыноктордун иштеши мамлекеттик жана жеке компаниялар үчүн инвестициялык каражаттарды тартуунун натыйжалуу механизмин камсыз кылат. Фондулук рынок компаниялардын ишин андан ары өнүктүрүү үчүн финансылык капиталдын ишенимдүү булагы жана инвестициялык салымдар үчүн инструмент болуп калды. Дүйнөлүк фондулук рынокту […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Мыйзамынын макулдашылган редакциясына кол койду. Жогорку Кеңештин Регламенти Жогорку Кеңеш тарабынан Конституцияда жана өлкөнүн мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун тартибин жана процедурасын аныктайт. Буга чейин “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Мыйзамы КР Президентинин каршы пикири менен кайтарылган. Жогорку Кеңештин 2022-жылдын 8-сентябрындагы № 463-VII токтому […]Читать далее
«Бишкек суу канал» ишканасынын маалыматына ылайык, 17-ноябрда саат 9:00дөн 20:00гө чейин Бишкектин бир катар көчөлөрүндө таза суу берүү токтотулат. Тагыраагы: Абакан көчөсү, Дэн Сяопин, Кустанай, Профсоюз, Волковой, Садыгалиев, Безымянный көчөлөрү, темир жол линиясы менен чектешкен аймактарда суу убактылуу берилбейт. Бул убакытта «Киркомстром» суу алгычындагы жана шаар түтүктөрдөгү оңдоо иштери жүргүзүлөт.Читать далее
Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрынын директору болуп Берикбаев Санжарбек Турдукулович дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов кол койду. Жаңы жетекчини театрдын жамаатына министрдин орун басары Түмөнбай Колдошов тааныштырды. Аталган театрды буга чейин Эмильбек Балтагулов жетектеп келген. Санжарбек Берикбаев 1969- жылы 20-ноябрда Ош облусунун Өзгөн […]Читать далее
Бүгүн,16- ноябрда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Кореянын Маданият, спорт жана туризм министрлигине караштуу Азия маданият борборунун өнөктөштүк долбоору ишке кирди. Мындай мүмкүнчүлүк музей системасынын ишин жакшыртууга, ошондой эле, жалпы жарандар үчүн экспонаттарды онлайн форматта көрүүгө шарт түзөт. Ачылыш иш- чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 20-октябрында кабыл алынган. Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан иштелип чыккан бул мыйзамда Баткен облусунун 3 айыл аймагы жана 10 айылынын […]Читать далее
14-ноябрда Кыргызстандан балды жана бал продукциясын Кытай өлкөсүнө экспорттоо боюнча официалдуу уруксат берилди. КР Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматынын жана Кытай Эл Республикасынын ветеринардык-санитардык 5G сертификатын алган компаниялар экспорттой алат. Эскерте кетсек, 2019-жылы Кытайга балды жана бал продукциясын экспорттоо пандемияга байланыштуу токтоп калган.Читать далее
Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров коммуналдык кызматтардын кызматкерлеринин айлык акысын көтөрдү. Маалыматка ылайык, “Бишкексвет”, “Тазалык”, “Бишкекжашылчарба”, “Бишкексуучарба”, “Бишкек шаардык аза кызматтары агенттиги” жана Мобилизациялык резервдин материалдарын сактоо кызматынын кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлөт. Белгиленгендей, жакын арада аталган кызматтардын кызматкерлеринин тамак-ашына жана транспорттук чыгымдарына кошумчалар эске алынып, кайра эсептөөлөр жүргүзүлөт. Кошумча маяна муниципалдык ишканалардын кызматкерлерине каржылык колдоо көрсөтүү […]Читать далее
Бүгүн, 16-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Кыргыз эл артисти, белгилүү куудул Келдибек Ниязовдун 70 жылдык мааракеси белгиленет. Маараке ырчы, куудулдардын катышуусундагы чоң программадагы автордук концерт менен коштолот. Салтанаттуу кече саат 18: 30 да башталат.Читать далее