Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы токтому менен тамекиге жана никотин камтыган продукцияга минималдуу чекене баалар белгиленди. Минималдуу чекене баанын жогорулашы тамеки жана никотин камтыган продукцияны керектөөнү кыскартып, калктын саламаттыгына оң таасирин тийгизет. Токтомго ылайык, 2023-жылдын 1-январынан тартып акциздик товарлардын төмөнкү түрлөрүнө минималдуу чекене баалар киргизилет: – ТЭИ ТН 2402 коду менен классификацияланган чыпкалуу сигареттер жана чыпкасыз […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров 23-ноябрда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышуу үчүн Арменияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаалды жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулашат. Ошондой эле, Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын алкагында ЖККУ […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров көзөмөл органынын кызматкерлерин прокуратура кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти: «Урматтуу прокуратура органдарынын кызматкерлери жана кадырлуу ардагерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын прокуратура кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм! Мамлекеттүүлүгүбүздүн ишенимдүү тиреги болгон прокуратура органы Кыргыз Республикасынын укуктук жана демократиялык мамлекет катары өнүгүүсүнө олуттуу салым кошо турган маанилүү орган болуп саналат. Өлкөбүздүн […]Читать далее
21-22-ноябрда Эр-Рияд шаарында кызматташтык боюнча Кыргыз-Сауд өкмөттөр аралык комитетинин 3-жыйынынын алкагында Кыргызстандын Өкмөттүк делегациясынын жана Сауд Арабиясынын бир катар министерстволору менен мекемелеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда эксперттик топтордун жолугушуулары өтүүдө. Тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү, инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, өнөр жай, инфраструктура, транспорт, энергетика, айыл чарба, суу чарба, маданият, билим берүү жана туризм, […]Читать далее
«Быйыл 15 мектеп баштаганбыз, он бешин тең бүттүк, бүгүн акыркысын ачып жатабыз», — деп белгиледи Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарында 2022-жылы курулуп бүткөн жаңы билим берүү мекемелеринин бет ачарына арналган иш-чарада. Маалымат үчүн: Мектептер мамлекет башчысынын тапшырмасы менен республикалык бюджеттин каражатына курулган. Читать далее
Президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Жарлыктын максаты жеке ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине колдоо көрсөтүү, аларды укуктук жактан коргоону камсыз кылуу, ишкердик субъекттеринин ишине негизсиз кийлигишүүнүн алдын алуу, ишкердик субъекттерин текшерүүдө укук коргоо […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-ноябрда, Бишкек шаарында 2022-жылдын 5 ай ичинде 15 жалпы билим берүү мекемесин жана 1 бала бакча курган курулуш компанияларынын өкүлдөрүн сыйлады. Мамлекет башчысы сөз сүйлөп, өлкөнүн азыркы жана келечектеги дүйнөдөгү ордун аныктай турган билим берүү системасын өнүктүрүүнүн чечүүчү ролун белгиледи. Президент Садыр Жапаров борбор калаадагы айтылган билим берүү мекемелерин кыска мөөнөттө […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы №17 „Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө“ Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жарлыкка кол койду. Жарлыктын максаты бирдиктүү мамлекеттик кадр саясатын ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу. Жарлыкка ылайык, Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалуучу кызмат орундарынын номенклатурасына кирген мамлекеттик органдардын жетекчилерин саясий кызмат орундарына которулду. […]Читать далее
« Балдардын санынын өсүшү менен жылына 24 мектепти салып турушубуз керек экен. Биз аны унутта калтырбайбыз», — деп белгиледи Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-ноябрда, Бишкек шаарында 2022-жылы курулуп бүткөн жаңы билим берүү мекемелеринин бет ачарына арналган иш-чарада. Мамлекет башчысынын сөзү: «Урматтуу агартуучулар! Кымбаттуу билим берүү тармагынын өкүлдөрү! Иш-чаранын кадырлуу катышуучулары! Мынакей азыр эле сиздер менен […]Читать далее
Бүгүн 21-ноябрда УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгынын Кара-Буура райондук бөлүмүндө жаңы имараттын расмий ачылышы болуп өттү. Жаңы курулган имарат кызматкерлердин иштөө шарттары үчүн талапка жооп берген жана керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган. Ачылыш аземге УКМК төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Нарбеков, Кара-Буура районунун башчысы Бектур Сагымбаев, ошондой эле […]Читать далее