Мамлекеттик салык кызматы алкоголдук жана тамеки продукцияларын мыйзамсыз жүгүртүү, анын ичинде мыйзамсыз ташуу фактыларын аныктоо боюнча күчөтүлгөн иштерди жүргүзүүдө. Өлкөнүн аймагында ташуучулар, өзгөчө таксисттер тарабынан алкоголдук жана тамеки продукцияларын жасалма акциздик маркалар менен же акциздик маркасыз, ошондой эле уруксат берүүчү документтери (коштомо кагаз, электрондук эсеп-фактара, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз) жок ташуу фактылары аныкталган учурда, ташылган […]Читать далее
Баалардын өсүшүнө байланышкан жагдайлардын олуттуу өзгөрүшүн белгилөөнүн жана ырастоонун тартиби
Баалардын өсүшүнө байланышкан жагдайлардын олуттуу өзгөрүшүн белгилөөнүн жана ырастоонун тартиби бекитилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Баалардын өсүшүнө байланышкан жагдайлардын олуттуу өзгөрүшүн белгилөөнүн жана ырастоонун тартиби (мындан ары – Тартип) “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесине ылайык иштелип чыкты жана түзүлгөн контрактка өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн баалардын өсүшүнө байланышкан […]Читать далее
Кыргыз совет ырчысы жана обончу- композитор, Кыргыз эл акыны, Кыргыз ССРинин эл артисти Муса Баетовдун 120 жылдыгы 29-ноябрда белгиленет. Юбилейлик иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтөт. Муса Баетов 1902-жылдын 10-ноябрында азыркы Ак-Талаа районунун Байгөнчөк айылында туулган. Алгачыкы чыгармачыл эмгек жолун Нарын шаардык радиосунда баштаган. Андан соң Кыргыз мамлекеттик филармониясында солист болуп иштеген. Тубаса […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин чечими менен 2022-2023-жылдары Ормон хан Ниязбек уулунун 230- жылдык мааракесин мамлекеттик деңгээлде өткөрүү боюнча иш план иштелип чыгып, даярдыктар көрүлүп баштады. Кыргыз элинин тарыхында бараандуу орду бар Сарыбагыш уруусунун чоң манабы, Ормон Ниязбек уулу 1792-жылы Чоң-Кемин өрөөнүндө туулган. Тарыхый маалыматтарга караганда, Ормон хан Ниязбек уулу 18 жашынан баштап эле согуштук жүрүштөргө активдүү катышып, […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын 21-26-ноябрь күндөрү ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын демилгеси менен Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын райондорунда “Диний экстремизмди жана терроризмди алдын алууда жергиликтүү бийлик органдарынын ролу” темасында семинар-тренингтер өткөрүлүп жатат. Иш-чаралардын жүрүшүндө катышуучуларга “Экстремизм, терроризм, радикализм түшүнүктөрү жана келип чыгуулары”, “Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты”, “Кыргыз Республикасындагы диний кырдаал жана […]Читать далее
“Араңарда өтө оор кылмышка шектүүлөр бар”, – деп билдирди бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев. Анын айтымында, депутат Элвира Сурабалдиева УКМК кызматкерлери тарабынан анын туугандарына коркутуулар болуп, салык тууралуу маселелер көтөрүлүп жаткандыгын билдирди. “Депутат Сурабалдиеванын үй-бүлөсүнө 3 миңден ашык контейнер иштеген “Кудайберген” базары таандык. Финансылык отчетто ар бир контейнерден 2-3 […]Читать далее
Ереван шаарында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын алдында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун биргелешкен уставдык органдарынын жыйынына катышты. Жыйындын күн тартибинде жыйырмадан ашык маселе каралды. Делегациялардын башчылары ЖККУнун Башкы катчысы С.Засьтын Армениянын Уюмдагы төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруу боюнча аткарылган иштер жана сессиялар аралык мезгилде жетишилген жыйынтыктар тууралуу баяндамасын угушту. Тараптар […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Эр-Рияд шаарындагы (Сауд Аравия Королчулугу) жумушчу сапарынын алкагында кыргыз-сауд Өкмөттөр аралык кызматташуу боюнча комитетинин кезектеги 3-кеңешмесине катышты. Жыйын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелердин жогорку динамикасын белгилеп, келечекте көп тармактуу кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгына токтолуп, биргелешкен күч-аракетти соода, инвестициялык жана маданий байланыштарды өнүктүрүүгө багыттоону макулдашты. Адылбек Касымалиев кыргыз-сауд күн […]Читать далее
Президент Садыр Жапаровдун Армения Республикасына 23-ноябрда болгон бир күндүк иш сапары аяктады. Иш сапарынын алкагында Мамлекет башчысы Ереван шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин (ЖККУ ЖКК) кезектеги сессиясына катышты. Өз сөзүндө Садыр Жапаров глобалдык коопсуздук тутумундагы татаал жана жалпы өзгөрүүлөрдүн мезгилинде, саясий, экономикалык, маалыматтык, аскердик ыкмалар жана каражаттардын кеңири спектри колдонулуп жаткан учурда, өзгөрүп […]Читать далее
Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын жыйынтыгы боюнча 23-ноябрда, Ереван шаарында бир катар документтерге кол коюлду. Уюмга мүчө болгон Кыргыз Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын мамлекет башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту: – Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Башкы катчысы […]Читать далее