Мыйзамсыз алкоголь жана тамеки ташуучулардын товарлары транспорту менен кошо тартып алынат

 Мыйзамсыз алкоголь жана тамеки ташуучулардын товарлары транспорту менен кошо тартып алынат

Мамлекеттик салык кызматы алкоголдук жана тамеки продукцияларын мыйзамсыз жүгүртүү, анын ичинде мыйзамсыз ташуу фактыларын аныктоо боюнча күчөтүлгөн иштерди жүргүзүүдө.

Өлкөнүн аймагында ташуучулар, өзгөчө таксисттер тарабынан алкоголдук жана тамеки продукцияларын жасалма акциздик маркалар менен же акциздик маркасыз, ошондой эле уруксат берүүчү документтери (коштомо кагаз, электрондук эсеп-фактара, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз) жок ташуу фактылары аныкталган учурда, ташылган товар жана аларды ташыган автотранспорт убактылуу тартып алынат.

Ушуга байланыштуу, Салык кызматы ташуучуларды, анын ичинде таксисттерди мыйзам ченемдерин так сактоого, ошондой эле акцизделчүү товарларды ташуу үчүн бардык зарыл документтерди кошо алып жүрүүгө чакырат.

Связанный пост