ИИМ өлкө аймагында диний экстремизмди жана терроризмди алдын алуу иштерин жүргүзүүдө

 ИИМ өлкө аймагында диний экстремизмди жана терроризмди алдын алуу иштерин жүргүзүүдө
Үстүбүздөгү жылдын 21-26-ноябрь күндөрү ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын демилгеси менен Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын райондорунда “Диний экстремизмди жана терроризмди алдын алууда жергиликтүү бийлик органдарынын ролу” темасында семинар-тренингтер өткөрүлүп жатат.
Иш-чаралардын жүрүшүндө катышуучуларга “Экстремизм, терроризм, радикализм түшүнүктөрү жана келип чыгуулары”, “Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты”, “Кыргыз Республикасындагы диний кырдаал жана тыюу салынган экстремисттик, террордук уюмдардын идеологиясы”, “Жаш өспүрүмдөр жана жаштар арасында кылмыштуулукту алдын алууда коомдук алдын алуу борборлорунун ролу”, “Интернет тармагындагы ачык булактарды колдонуунун, изилдөөнүн усулдары, диний экстремизмди жана терроризмди алдын алууда коомдук алдын алуу борборлорунун жаштар менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү” темаларында атайын даярдалган баяндамаларды, видеороликтерди, слайддарды көрсөтүү менен маалыматтар бирилди.
Өткөрүлгөн иш-чаранын экинчи этабында маалымат алмашуу, сунуш-пикирлерди алуу максатында суроо-жооптор жүргүзүлүп, сунуш-пикирлер угулду.

Связанный пост