29-ноябрда Муса Баетовдун 120 жылдыгы белгиленет

 29-ноябрда Муса Баетовдун 120 жылдыгы белгиленет
Кыргыз совет ырчысы жана обончу- композитор, Кыргыз эл акыны, Кыргыз ССРинин эл артисти Муса Баетовдун 120 жылдыгы 29-ноябрда белгиленет. Юбилейлик иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтөт.
Муса Баетов 1902-жылдын 10-ноябрында азыркы Ак-Талаа районунун Байгөнчөк айылында туулган.
Алгачыкы чыгармачыл эмгек жолун Нарын шаардык радиосунда баштаган. Андан соң Кыргыз мамлекеттик филармониясында солист болуп иштеген. Тубаса мукам үнү менен жаштайынан элдик ырларды чебер аткарган. Муса Баетов жөнөкөй аткаруучудан профессионал опералык ырчыга чейин өсүп, «Манас» операсында Алмамбет менен Сыргактын, «Айчүрөктө» Күлчоронун партияларын ырдаган. Ал таланттуу обончу да болгон. Кыргыз музыка маданиятынын алтын казынасына анын “Даанышман”, “Арпанын Ала-Тоосунан”, “Кыздар, ай”, “Окудуң борбор шаарынан”, “Сагынам” деген сыяктуу кырктан ашык обондуу ырлары калган.
Баетов комузда, домбрада, гармондо эркин ойной билген, ырларын ошол аспаптардын коштоосу менен аткарган.
Кыргыздын музыкалык фольклорун жакшы билгендиктен, музыка жыйноочулар А. В. Затаевичке, В. С. Виноградовго элдик обондор жөнүндө маалымат берген.
Музыка изилдөөчү А. Алагушов 2002-жылы туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата “Арпанын Ала-Тоосунан” аттуу обондуу ырларынын жыйнагын түзүп, жарыкка чыгарган.
Муса Баетовдун ысымы Нарындагы маданият үйүнө, Бишкек шаарындагы көчөгө, Ак-Талаа районунун борборуна, туулган жериндеги мектепке берилген.

Связанный пост