Укук тартиби

Баткенде аскер кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду

Баткенде аскер кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Аскер прокуратурасынын Баткен гарнизону тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Коргоо министрлигине караштуу Баткен гарнизонунда жайгашкан аскер бөлүгүнүн жооптуу кызмат адамдары 2024-жылдын июнь айынан 2025-жылдын февраль айына чейинки аралыкта аскер бөлүктүн өздүк курамы үчүн багытталган эт азыктары толук көлөмдө алып келбестен, бир бөлүгүн системалуу түрдө […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда туристтерди камсыздандыруу пландалууда

Кыргызстанда туристтерди камсыздандыруу пландалууда. Бул тууралуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Азамат Жапаров “Кабар” агенттигине билдирди. Ал белгилегендей, туристтерди камсыздандыруу системасы киргизилсе, мамлекеттин рейтинги жогорулайт жана саякат учурунда эс алуучуларга кошумча каржылык кыйынчылыктарды жаратпайт. “Дүйнө жүзүндөгү көп мамлекеттерде туристтерди камсыздандыруу иштери алдыга жылган. Мындан улам биз Кыргызстанда да туристтерди камсыздандыруу системасын киргизүүнү пландап жатабыз. […]Читать далее

Коом

Жыл башынан тарта өлкөдө 1,3 миңден ашуун жол кырсыгы катталды

Жыл башынан тарта өлкөдө 1,3 миңден ашуун жол кырсыгы катталды. Бул туралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди. Анын айтымында, анын кесепетинен 2 миң адам ар кандай жаракат алып, 110 адам каза болгон. “Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жалпы катталган жол унаа кырсыктарынын […]Читать далее

Аймак

Ашууларда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат. Ал эми Бишкек-Ош жолундагы Сосновка постунда саат 22:30дан тарта жана Суусамыр-Талас-Тараз жолунун 60-чакырымындагы Өтмөк ашуусунда саат 23:30дан тарта оор жүк ташуучу […]Читать далее

Экономика

Кыргызстан өзүнүн акчасын өзү чыгара баштайт

Кыргызстан өзүнүн акчасын өзү чыгара баштайт. Бул туурасында президент Садыр Жапаров “Учкун” басмаканасынын ишмердүүлүгү менен таанышуусунун жүрүшүндө белгилүү болду, – деп билдирет өлкө башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов. Анын маалыматына караганда, акционердик коомду кыдыруу маалында мамлекет башчысына атамекендик ишканада кыргыз сомун чыгаруу башталганы тууралуу маалымат берилди.Читать далее

Президент

Президент “Учкун” ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-мартта, “Учкун” ачык акционердик коомуна барып, күйүүчү майды маркировкалоо, акциздик маркаларды жана паспортторду даярдоо боюнча өндүрүш процесси менен таанышты. Мамлекет башчысынын тапшырмаларын аткаруунун алкагында ишканада масштабдуу модернизациялоо жүргүзүлгөн. Паспортторду, акциздик маркаларды жана окуу адабияттарын чыгаруу үчүн заманбап басма орнотмолору сатып алынды, инфратүзүмү жаңыртылды, бул өндүрүштүн көлөмүн кыйла жогорулатууга жана […]Читать далее

Коом

Бишкектеги Айтматов проспектисиндеги жол кеңейтүү иштери май айынын аягында аяктайт

Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги жол кеңейтүү иштери май айынын аягында аяктайт. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев “Кабар” агенттигине билдирди. Анын айтымында, көчө кеңейтилген соң алты тилкелүү болот. “Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги жарыктандыруу системалары жаңыртылып, көчө чырактары коюлат. Мурда жол жээгиндеги суулар арык менен кетсе, эми жер асты менен агат. Тротуарлар менен буга чейин […]Читать далее

Коом

Орозо айт 30-мартта белгиленет

Быйыл Кыргызстанда Орозо айт 30-мартта белгиленет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти. Орозо айында мусулмандар 30 күн бою ооз бекитип, күндүз тамактанбайт. Орозо кармоо менен мусулман адам көздөрүн арам нерселерди кароодон, кулактарын арам болгон нерселерди угуудан, тилди жалган сүйлөөдөн, курсагына арам тамакты киргизүүдөн, колдору менен жаман ишти жасоодон жана буттары менен арам […]Читать далее

Коом

“Учкун” мекемесинде айдоочулук күбөлүк жана техпаспорт даярдала баштайт

Жакынкы күндөрү “Учкун” мекемесинде айдоочулук күбөлүк жана техпаспорт даярдала баштайт. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев “Кабар” агенттигине билдирди. Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө “Учкун” басмаканасы мамлекеттик документтерди басып чыгарууга жетише алды. “Президент Садыр Нургожоевич бир ай мурда тапшырма койду. Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр коргоочу катмарлардан турат. Азыркы колдонулуп жаткан күбөлүктөр талапка жооп бербейт. […]Читать далее

Коом

“Учкун” мекемеси эки мамлекеттен паспорт чыгарып берүүгө буюртма алды

“Учкун” ишканасы эки мамлекеттен паспорт чыгарып берүүгө буюртма алды. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев “Кабар” агенттигине билдирди. Анын айтымында, былтыр Кыргызстанда паспорттор чыгарылып баштаган. Ал үчүн заманбап жабдуулар сатылып алынган. “Мурда биз өзүбүздүн паспортторубузду чет мамлекеттерде чыгарып келгенбиз. Канчалаган акча каражаттар коротулчу. Мына эми азыр башка мамлекеттер бизге буюрма берип, паспорттору басылып […]Читать далее