Коом

Бишкекти кардан тазалоо иштерине 44 атайын техника чыкты

“Тазалык” муниципалдык ишканасы борбор калаанын жолдоруна карды тазалоо жана туз себүү иштерин баштады. Муниципалитеттен билдиришкендей, саат 13:00гө карата линияга 44 атайын техника чыкты, 55 тонна техникалык туз колдонулган. Белгиленгендей, МАЗ үлгүсүндөгү 5 кар тазалоочу унаа, 5 даана Шахман КДМ (комбинацияланган автотранспорт), 2 даана фронталдык жүктөгүч, 24 даана щетка жана күрөктүү “Беларусь” трактору, 4 даана УКМ-2500 […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпинди кабыл алды 

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-январда, Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Лю Цзянпинди ишеним грамоталарын тапшыруу аземине байланыштуу кабыл алды. Мамлекет башчысы аны дипломатиялык миссиянын башталышы менен куттуктап, Кыргызстан Кытай Эл Республикасы менен түзүлгөн баарын камтуучу стратегиялык өнөктөштүктү жогору баалай турганын белгиледи. Президент КР жана КЭРдин ортосундагы байланыштар […]Читать далее

Экономика

Эми жарандар салыктарды банктык карталар аркылуу төлөй алышат

Мамлекеттик салык кызматы cabinet.salyk.kg сайтындагы Салык төлөөчүнүн кабинетинен банктык карталарды (эквайринг) колдонуу менен салык төлөө мүмкүнчүлүгүн киргизди. Ведомстводон маалымдашкандай, эми салык төлөөчүлөр Элкарт, Visa жана MasterCard төлөм системаларынын карталарын колдонуу менен банктарга же салык органдарына барбай эле дүйнөнүн каалаган бурчунан салыктарды төлөй алышат. Эквайринг аркылуу салык төлөө үчүн Салык төлөөчүнүн кабинетинде төмөнкү кадамдарды аткаруу керек: – “Салык […]Читать далее

Аймак

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирүү таратты. Синоптиктердин маалыматына ылайык, 22-январдан 24-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, анын ичинде Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу) жана 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. “Буга байланыштуу ортосундагы 500 метр […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңеште Бишкек жана Ош шаарларындагы экологиялык абал, транспорттук тыгындар

Жогорку Кеңештин жыйынында «Ыш менен байланышкан экологиялык абал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2023-жылдын 3-майындагы №1147-VII токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу маалымат угулду. Ошондой эле Жогорку Кенештин депутаттары Марлен Маматалиев, Бактыбек Сыдыков, Улугбек Ормонов, Камила Талиева, Эльдар Абакиров, Мурадил Сыдыков, Илимбек Кубанычбеков, Медербек Саккараев, Талант Мамытов, Шаирбек Ташиев тарабынан демилгеленген «Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында транспорттук […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

ЖК төрагасы: Ош шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу быйыл башталат

Жогорку Кеңештин жыйынында Төрага Нурланбек Тургунбек уулу транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары айткан маалыматты төгүндөп, Ош шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу жакында башталарын белгиледи. “Жалпы узундугу 34 чакырымды түзгөн жолдун курулушу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында ишке ашырылганы турат. Бардык керектүү техникалар тартылып, тиешелүү ченемдер жасалууда. Февраль айынын башында курулушка байланышкан жер иштери кадимкидей жүргүзүлө […]Читать далее

Коом

Транспорт министрлиги 2025-жылы артыкчылыктуу бир катар долбоорлорду ишке ашырууну пландоодо

2025-жылы Транспорт жана коммуникациялар министрлиги артыкчылыктуу бир катар долбоорлорду ишке ашырууну пландаштырууда. Аталган министрликтин маалымат жыйынында белгиленгендей, республикалык бюджеттин эсебинен Бишкек шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу, Бишкек –Ош жолунун Суусамыр тилкесин (100 чакырым) оңдоо, Ош – Баткен – Раззаков жолунун (28 чакырым) калган бөлүгүн куруу, Лебединовка ГЭС 5 жолун реконструкциялоо, Кырчын жайлоосуна баруучу жолду капиталдык […]Читать далее

Аймак

Суусамыр – Талас – Тараз жолунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө

Бүгүн саат 11:00дөн тарта Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун 60-чакырымында оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, мындай чечим Өтмөк ашуусунда кар жаап жана жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында №36 Жол тейлөө ишканасынын сунушу […]Читать далее

Кырсык

Кыргызстанда былтыр 3 миңден ашуун өрт кырсыгы катталган

Кыргызстанда былтыр 3 миң 148 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын улук офицери Айбек Каниметов радиолордун бирине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, былтыр өрт кырсыгы 2023-жылга салыштырмалуу аз катталган. Бирок өрттүн кесепетинен каза болгондордун саны өскөн. “2024-жылы 47 адам набыт болсо, анын жетөөсү балдар. Материалдык чыгымдын көлөмү […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда 2024-жылы миң чакырымдан ашуун жол оңдолду

2024-жылы Кыргызстанда 1 миң чакырымдан ашуун жол оңдолду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиясында маалымдалды. Белгиленгендей, анын 802 чакырымына асфальт төшөлгөн. Мындан тышкары, өткөн жылы 17 көпүрөнүн курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол, Нарын – Баетов, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка, Ош – Баткен – Раззаков […]Читать далее