Президент

Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо

Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. “Адамзаттын руханий тазалык жана бийик адеп-ахлак сыяктуу улуу баалуулуктарынын маанилүүлүгүн насыят кылган бул жаркын майрам биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө, жалпы мусулман үммөтүнүн ортосунда достукту, өз ара колдоону жана тилектештикти бекемдөөгө өбөлгө болот деп терең […]Читать далее

Президент

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. “Бул даңазалуу майрамдын каада-салттары, үрп-адаттары жана бийик руханий идеалдары тарых бою элибизди аруулукка жана такыбалыкка, боорукердикке жана өз ара колдоого, асылдыкка жана ак ниеттүүлүккө үйрөтүп келет. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук, ынак коңшулук жана көп кырдуу кызматташтык бул берекелүү […]Читать далее

Президент

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. “Биздин бекем саясий эркибиздин жана биргелешкен аракетибиздин аркасында өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук жана ынак коңшулук байланыштар барган сайын бекемделип жана тереңдеп баратканы абдан кубандырат. Ушул күндөрү Худжанд шаарында боло турган чын ыкластуу диалог жана бардык келишимдер Өзбекстан менен […]Читать далее

Коом

Муфтий Абдулазиз кары Закиров кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады

Муфтий Абдулазиз кары Закиров кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады. Урматтуу мекендештерим! Кадырлуу мусулман бир туугандарым. Чын жүрөктөн Орозо Айт майрамыңыздар менен куттуктайм! Бул майрам — ыйманды, рухту тазалоо, жакшылыкка, биримдикке жана тынчтыкка болгон чакырык. Орозо айы – бул Алла Тааланын ырайымына бөлөнүү, адамдык сапаттарды чыңдоо жана адеп-ахлакка бекем туруу учуру. Бул убакыт бизге бир […]Читать далее

Президент

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. “Адамзатты руханий жактан тазаланууга жана ар тараптуу өркүндөөгө жетелеген бул ыйык майрамда элибиздин биримдиги бекемделип, бакубатчылыгыбыз өсө берсин. Бардык мусулмандар чыдамсыздык менен күтүп, кайгыруу менен узатып жаткан ушул ыйык күндөрдө Сизге чоң бакыт жана жооптуу кызматта ийгиликтерди, […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Кербен шаарындагы борбордук мечитте Орозо айт

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Аксы районунун Кербен шаарындагы борбордук мечитке барып, жергиликтүү тургундар менен бирге Орозо айт намазын окуду. Ошондой эле намазга келген жарандарды Орозо айт майрамы менен куттуктаган Төрага ыйык айда кармалган орозо кабыл болсун деген тилегин билдирди. Муну менен катар элге тынчтык жана жергебизге бакубатчылык каалады.Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров Бишкектеги Имам Сарахси атындагы мечитте айт-намазга катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-мартта, Бишкек шаарындагы Имам Сарахси атындагы борбордук мечитте ыйык Орозо айт майрамына карата айт-намазга катышты. Мамлекет башчысы айт-намазын мечитке келгендер менен бирге окуду.Читать далее

Жогорку Кеңеш

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: Быйылкы Орозо элибиздин айкөлдүгү жана берешендиги

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кыргыз элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. Андан мындай деп айтылат: «Урматтуу кыргызстандыктар! Ардактуу мусулман бир туугандар! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан Орозо айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Он эки айдын султаны аталган кезектеги Орозо айы да жыйынтыкталып, бүгүн жалпы мусулман коомчулугу […]Читать далее

Президент

Президент орозо айт майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-мартта, кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу мекендештер! Кадырлуу момун мусулмандар! Сиздерди Орозо Айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Орозо айында таң аткандан шамга чейин наар албай, напсибиз тизгинделип, жан дүйнөбүз арууланды; барга шүгүр кылып, сабырыбыз чыңалды; көөдөнүбүз бейпилдикке толуп, дилибиз нурланды. Бул күндөрү Жаратканга […]Читать далее

Аймак

Таласта жер титирөөдө жабыркаган 48 үй аныкталды

Талас районунда 28-мартта болгон жер титирөөлөрдө жабыркаган 48 үй аныкталып, акт түзүлдү. Райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жер силкинүү болгон күндөн тартып айыл аймактарда иликтөө иштерин жүргүзүшүп, жарака кеткен үйлөрдү аныкташты. Алардын берген маалыматы боюнча бүгүнкү күндө жабыркаган 48 турак үйдүн 31и камсыздандырылган. Калган 17 үй камсыздандыруудан өткөн эмес. Жарака кеткен үйлөр: * Каракол айыл аймагынын […]Читать далее