АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргызстандын башкы ооруканаларына COVID-19 жана башка жугуштуу оорулардын жайылуусуна бөгөт коюу үчүн заманбап медициналык жабдууларды алып берди. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Жабдууларды өткөрүп берүү аземи бүгүн, 16-августта Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурийла Шериевадын катышуусунда өттү. КР Улуттук госпиталы бейтаптардын жогорку дем […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде көчмө жыйын өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө Бишкектин жанындагы 7 миң орундуу спорттук-маданий комплекстин, Ысык-Көл облусундагы «Асман» экологиялык таза шаарынын, ошондой эле Орок айылындагы 22 миң орундуу стадиону бар «Бишкек Сити» эл аралык ишкер борборунун курулуш долбоору сунушталды. Мындан […]Читать далее
Бүгүн, 16-августта КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен Азербайжандын вице-премьер-министри Али Ахмедовдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 4-жыйыны өтөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирет. Маалымата ылайык, 15-августта Баку шаарында (Азербайжан) Кыргызстандын экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкуловдун […]Читать далее
Муфтий Замир Ракиев 15-августта Бишкектеги имам Сарахсий мечитинде айымдарга президент Садыр Жапаров тарабынан берилген жоолуктарды тапшырып, аял затынын исламдагы ордун түшүндүрдү. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришкендей, жоолуктар муфтияттын алдындагы Хадижа айымдардын окуу борборунун лидерлери жана окуучуларына берилген. Саамалыкка КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары Гульназ Исаева катышып, 2021-2026-жылдарга карата кабыл алынган концепцияны […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык жарандар мыйзамдарды, республикалык жана жергиликтүү маанидеги чечимдерди талкуулоого жана кабыл алууга катышууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын жарандары коомдун жана мамлекеттин иштерин башкарууга түздөн-түз, ошондой эле өз өкүлдөрү аркылуу катышууга укуктуу. Жарандар мамлекеттик органдардын жана […]Читать далее
Улуттук энергохолдинг энергетика секторунун башкаруу түзүмүн өзгөртүү ишин аягына чыгарды. Компаниянын басма сөз кызматы билдиргендей, реструктуризациялоо процесси энергетика ишканаларындагы өндүрүштүк жана башкаруу процесстерин автоматташтыруу, чыгымдарды оптимизациялоо жана бири-бирин кайталоочу кызматтарды кыскартууга багытталган. Реформага ылайык, ишканаларды бириктирүүнүн натыйжасында 1 миллиард сомдук акча каражаты үнөмдөлүүсү күтүлүүдө. Бул каражат жаңы долбоорлорду ишке ашыруу, ГЭСтерди модернизациялоого жана карыздарды төлөөгө жумашалат. […]Читать далее
15-августтан тарта Бишкек шаарындагы Октябрь, Свердлов, Биринчи Май жана Ленин райондорунун билим берүү бөлүмдөрү баласын мектепке онлайн каттай албай жаткан ата-энелердин арыздарын кабыл алууну баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, жаңы окуу жылы башталарына аз калгандыгына байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгы […]Читать далее
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 16-17-август күндөрү Түркияда расмий визит менен барат. КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, визиттин алкагында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүсү, биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун 5-жыйыны өтөт. Анын алкагында кыргыз-түрк кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланмакчы. Андан тышкары, бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өтөт.Читать далее
Аламүдүн районунда 21 жаштагы кыз Ала-Арча суусуна түшүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Ала-Арча эс алуу жайында Ала-Арча суусуна 2001-жылы туулган Т.Г. аттуу кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 4 куткаруучу тартылып, саат 18:20да аталган жарандын сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.Читать далее
Кыргызстандык сүзүүчү Денис Петрашов Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам шериктештиги оюндарында дагы бир коло байгенин ээси болду. Ал 15-августта 200 метр аралыкка брасс ыкмасында сүзгөн. Буга чейин спортчу 50 метр аралыкка сүзүп, үчүнчү орунду камсыздаган. Белгилей кетсек, бүгүн Петрашов 100 метр аралыкка да жарышка чыгат.Читать далее