Бакуда Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы экономикалык кызматташтык талкууланат

 Бакуда Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы экономикалык кызматташтык талкууланат

 Бүгүн, 16-августта КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен Азербайжандын вице-премьер-министри Али Ахмедовдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 4-жыйыны өтөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирет.

Маалымата ылайык, 15-августта Баку шаарында (Азербайжан) Кыргызстандын экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкуловдун жетекчилиги астында Кыргыз Республикасы жана Азербайжан Республикасынын Экономикалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 4-отурумунун эксперттик жыйыны болуп өткөн.

Өкмөттөр аралык комиссиянын 4-жыйынынын күн тартибинде эки тараптуу кызматташуунун эң актуалдуу маселелери, атап айтканда: соода-экономикалык кызматташтык, эмгек, социалдык жана миграция чөйрөлөрүндөгү кызматташтык, инвестициялык кызматташуу, айыл чарба, транспорт, билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо жана кызматташуунун башка маанилүү багыттары камтылды.

Связанный пост