Саясат

Президент Садыр Жапаров Куланак ГЭСинин курулушуна старт берди

  Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-октябрда, Нарын облусунун Куланак айылында Куланак ГЭСинин курулушунун башталышына “Мезгил кутусун” салып, курулушка старт берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет. Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүнкү окуя – Куланак гидроэлектр станциясынын пайдубалын түптөп, курулушун баштоо Нарын облусунун гана эмес, бүтүндөй Кыргызстандын экономикасына, энергетика тармагына пайда алып келе турганын баса […]Читать далее

Саясат

Бактыбек Чойбеков Транспорт жана курулуш боюнча комитеттин төрагасынын орун басарлыгына

Бүгүн, 20-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо маселеси каралды. Аталган кызмат ордуна депутат Бактыбек Чойбековдун талапкерлиги көрсөтүлдү. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Бактыбек Чойбеков Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланды.Читать далее

Саясат

Чыңгыз Айдарбековдун ордуна Улан Примов комитет төрагасы болду

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагалыгына Улан Примов шайланды. Мындай чечим Жогорку Кеңештин 20-октябрындагы жыйынында кабыл алынды. Добуш берүү жабык өтүп, 70 эл өкүлү “макул” болсо, бирөө “каршы” чыкты. Жыйынтыгында тиешелүү токтом кабыл алынып, Примов комитет төрагасы болуп шайланды. Белгилей кетсек, буга чейин депутат Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңештин Эл аралык […]Читать далее

Саясат

Президент Ош, Баткен, Жалал-Абаддын чек арага чектеш райондорунун тургундары менен

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-октябрда, президенттин администрациясынын имаратында Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын чек арага чектеш айылдарынын тургундары, өлкөнүн активдүү жарандары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы чек ара маселелерине, ошондой эле Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу кеңири маалымат берилди. Мындан тышкары, чогулгандар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип […]Читать далее

Саясат

Акылбек Жапаров Арменияда жумушчу сапары менен жүрөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Ереван шаарында (Армения Республикасы) жумушчу сапары менен жүрөт. Сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышат. Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны алкагында 20дан ашык маселе каралмакчы.Читать далее

Коом

Аламүдүн районунда алдоо жолу менен автоунааны айдап кеткен жаран кармалды

Аламудун РИИБке арыз менен Э.Ч. аттуу жаран кайрылып, А.А. аттуу жаран 2022-жылдын 1-сентябрь күнү жумуштар менен барып келейин деп алдоо жолу менен Мазда Демио автоунаасын айдап кетип, ошол бойдон изин жашырып кеткенин билдирип чара көрүүнү суранган. Аталган факт Аламүдүн РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон. 19 сентябрь күнү […]Читать далее

Коом

Бишкектеги троллейбустардын санитардык абалы текшерилүүдө

Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлеринин ичинен түзүлгөн комиссия коомдук унаалардын санитардык абалын текшерди. Тактап айтканда, кабинанын санитардык абалы, айдоочулардын жумуш учурунда жүрүм-туруму, гигиеналык каражаттардын жана беткаптардын болушу текшерилди. Жол эрежесин сактабаган, троллейбусту талаптагыдай санитардык абалда кармабаган айдоочуларга эскертүүлөр берилди. Бул текшерүү эки жумада бир жолу жүргүзүлөт.Читать далее

Спорт

“Илбирс” командасы өспүрүмдөр арасында өлкөнүн чемпиону болду

“Илбирс” командасы 16 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында футбол боюнча өлкөнүн чемпиону болду. Кант шаарында 11-14-октябрь күндөрү футбол боюнча Жогорку лиганын финалдык этабы өттү. Финалдык этапка 4 команда катышты: А зонасынан “Дордой” жана “Илбирс”, В зонасынан “Каганат” жана “Шахтёр Кызыл-Кыя” командасы. Чемпионаттын жыйынтыгы: 1-орун – “Илбирс” командасы; 2-орун – “Каганат” командасы; 3-орун – “Дордой” командасы; 4-орун […]Читать далее

Саясат

Президент Бишкек шаарында өтүп жаткан “АгроТехЭкспо-2022” айылчарба көргөзмөсү жана “Алтын

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-октябрда, Бишкек шаарында өтүп жаткан «АгроТехЭкспо-2022» айыл чарба техникасынын көргөзмөсүнө жана «Алтын күз» жарманкесине барды. Мамлекет башчысы «АгроТехЭкспо-2022» көргөзмөсүнө коюлган айыл чарба техникалары, ошондой эле мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү жана кайра иштетүү тармагындагы жетишкендиктер менен таанышты. Мындан тышкары, Садыр Жапаров «Алтын күз»  жарманкесинде өлкөнүн аймактарында өндүрүлгөн айыл чарба продукциялары менен таанышты. […]Читать далее

Экономика

“Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын II утушунун жеңүүчүлөрүнө

Мамлекеттик салык кызматы 1-октябрда өткөрүлгөн “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын экинчи утушунун жеңүүчүлөрүнө байгелерди тапшырды. Иш-чарага Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги жана жеңүүчүлөр өздөрү катышышты. Салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов жеңүүчүлөрдү куттуктап, лотереянын кыргызстандыктардын салык сабаттуулугун жогорулатууга жана салык жыйноонун өсүшүнө тийгизген оң таасирин белгиледи. Ал жарандарды кассалык чектерди талап кылууну жана лотереяга […]Читать далее