Дүйнөдө

Дүйнө жүзүндө WhatsApp тиркемеси иштебей жатат

Дүйнө жүзүндө WhatsApp тиркемеси (Meta компаниясына таандык) иштебей жатат. РБК сайты жазып чыккандай, бүгүн, 25-октябрда саат 10:00дөр чамасында сервистин иштөөсүндөгү көйгөйлөр туурасында маалыматтар тарай баштаган. Саат 10:16да 1,6 миңден ашык билдирүү түшкөн. WhatsApp тиркемесинин колдонуучулары каттарды жиберүүдө көйгөйлөр болуп жатканына даттанууда. Көйгөй бир гана мобилдик тиркеде эмес, веб-версиясында да байкалуудаЧитать далее

Маданият

Алтынбек Максутов манасчы Рыспай Исаков менен жолугушту

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов манасчы Рыспай Исаков менен жолугушту. Жолугушууда министр манасчыны Түркиянын Бурса шаарында өткөн “Манас жумалыгында” 124 саат манас айтып, Гиннестин дүйнөлүк рекорддор китебине тынбай үн чыгарып окуу багытында катталгандыгы менен куттуктады. Өз кезегинде манасчы Рыспай Исаков министр Алтынбек Максутовдун жылуу кабыл алуусуна ыраазычылык билдирип, Гиннестин дүйнөлүк рекорддор […]Читать далее

Спорт

Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп

Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Дүйнө кубогуна жана эл аралык мелдештерге даярдык көрүү максатында Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл облусу)окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатат. Жыйын 17-октябрда башталган, жана 6-ноябрга чейин уланат. Курама команданын тизмеси: 1. Айсулуу Тыныбекова – 62 кг, ЭДСЧ (Эл аралык даражадагы спорт чебери); 2. Айпери Медет кызы – 76 кг, ЭДСЧ; […]Читать далее

Саясат

Төрага Нурланбек Шакиев парламенттик фракциялардын жана депутаттык топтордун лидерлери менен

Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттик фракциялардын жана депутаттык топтордун лидерлери менен жыйын өткөрдү. Жыйында мыйзам чыгаруу органынын ыйгарым укуктарын ишке ашырууда парламенттик фракциялардын ролу маанилүү экени белгиленип, анын ичинен катчылыктардын ишин илгерилетүү маселеси айтылды. Төрага Нурланбек Шакиев депутаттар эл өкүлү катары калктын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүнүн чечилишин жана тийиштүү мыйзамдардын аткарылышын толук көзөмөлгө алышы керектигин белгилеп: […]Читать далее

Саясат

Эдил Байсалов индиялык студенттерди Дивали майрамы менен куттуктады

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында өткөн «Дивали» майрамында сөз сүйлөдү. «Биздин өлкөдө достук мамиледеги Индия өлкөсүнөн келген миңдеген студенттер билим алышат. Бүгүн алар мекенинен алыс жерде Дивали улуттук майрамын белгилөөдө. Биз алардын бул жерде, Кыргыз Республикасында өздөрүн ыңгайлуу сезишин жана биз улуу өлкөнүн маданиятын жана салттарын жогору […]Читать далее

Саясат

Шабданбек Алишев Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп дайындалды

Шабданбек Алишев Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүн, 24-октябрда кол койду. Маалымат: Шабданбек Алишев 1980-жылдын 3-октябрында туулган. Жогорку билимдүү. 2003-жылдын августунан 2006-жылдын январына чейин өкмөттүк эмес секторлордо коомдук ишмердүүлүк менен алектенген; 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин жетектөөчү адиси кызматын аркалап, ошондой […]Читать далее

Коом

Бишкекте 26-октябрдан тарта жылуулук бериле баштайт

Бишкекте 26-октябрдан тарта жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, борбор калаанын вице-мэри Олег Попиковдун төрагалыгы алдында 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча шаардык штабдын жыйыны өтүп, анда жылытуу мезгилинин башталышы талкууланды. Гидрометборбордун маалыматын эске алып, штаб борбор калаада жылытуу мезгилин 2022-жылдын 26-октябрында эртең менен баштоо чечимин кабыл алды. Объекттерди […]Читать далее

Саясат

Садыр Жапаров акыркы окуяларга байланыштуу комментарий берди

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген кезектеги чакан маегинде акыркы окуяларга байланыштуу комментарий берди. — Саламатсызбы урматтуу Садыр Нургожоевич! — Жыйырмадан ашык активисттер, саясатчылар камакка алынды. Арасында өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун тарапкерлери бар экен. Алар акыркы убакта “Кемпир Абад” суу сактагычына байланыштуу маселени көтөрүп жүрүшкөнү белгилүү. Кармалгандардын массалык митингдерди […]Читать далее

Коом

Бишкектеги көмүр базаларынын даректери

Бишкекте көмүр базалары иштеп жатат, анда шаардыктар кышка отун камдай алышат. Ленин районунун акими Русланбек Тагаев көмүр базаларын кыдырып, көмүрдүн запасын текшерди. Кыдыруу учурунда күн сайын болжол менен 50-70 тонна көмүр сатылып жаткандыгы аныкталды. Ошондой эле район башчысы көмүр базасынын ээлери менен калк үчүн көмүрдүн баасынын көтөрүлүп кетишине жол бербөө жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Айта […]Читать далее

Спорт

Арместлинг боюнча курама команда Дүйнө чемпиотанынан келди

23-октябрь күнү Анталия (Түркия) шаарында өткөн Дүйнө чемпионатына катышкан арместлинг боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөлөрү Бишкек шаарына келишти. Спортчуларды “Манас Эл аралык аэрпортунан Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Райымбек Токомбаев жана арместлинг федерациясынын мүчөлөрү, спортчулардын жакындары, достору жана күйөрманрдары тосуп алышты. Белгилей кетсек, чемпионат 14-23 октябрь күндөрү Туркиянын Анталия шаарында өткөн. Ага Кыргызстандын […]Читать далее