Бишкек шаарында чөп үстүндө ойнолуучу хоккей спорту боюнча федерация түзүлүп, расмий ачылыш аземи өттү. Ачылыш аземдин жүрүшүндө Казакстандан келген хоккейчилер көргөзмө оюн көрсөтүшүп, жергиликтүү оюнчулар менен мелдеш өткөрүштү. Федерациянын президенти болуп, аталган федерациянын түптөгөн Кубан Атагараев дайындалды. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары-Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат […]Читать далее
26-октябрда саат 9:00дөн 20:00гө чейин «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматы боюнча, Ала-Тоо 1, Ала-Тоо 2 жаңы конуштарында турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине жана башка социалдык объектилерге жана өнөр жайга ичүүчү суу берүү токтотулат. “Ала-Тоо” суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу суу убактылуу өчүрүлөт.Читать далее
Токмок шаарындагы мал базардан карыянын акчасын уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 16-октябрында Токмоктогу мал базарда 79 жаштагы адамдын күрмөсүнүн чөнтөгүнөн 120 миң сомун уурдап кетишкен. Карыя мал базарга баласынын ашын өткөрүүгө жылкы алганы келген. Аталган факты Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан каттоого алынып, сотко […]Читать далее
Билим берүү жана илим министрлиги Швейцария Конфедерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинен Женева университети тарабынан Женевадагы БУУ менен кызматташтыкта сунушталган европа жана эл аралык менеджмент жөнүндө алдыңкы изилдөөлөр (MEIG программасы) боюнча магистр даражасын алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө нота келип түшкөндүгүн маалымдайт. MEIG программасы европа жана эл аралык башкаруу жөнүндө билимди жана керектүү кесиптик көндүмдөрдү берүүгө багытталган. MEIG программасынын […]Читать далее
Бүгүн, 25-октябрда “Эмгек резерви” республикалык дене тарбия жана спорт борборунда кесиптик лицейлердин окуучуларын аскерге даярдоо боюнча 23-спартакиада өтүүдө. Ага №4, №5, №18, №20, №27, №97, №99, №100 ж.б. кесиптик лицейлери катышууда. Иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Асыл Абдыракманова жана ушул эле башкармалыктын жетектөөчү адиси Нурия Жусупбекова катышты. […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда, Балыкчы шаарындагы модулдук үйлөрдү чыгаруучу заманбап ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты. Мамлекет башчыга ишкананын өкүлдөрү курулушунда күйбөгөн, жылуулукту үнөмдөөчү жана экологиялык жактан таза материалдар колдонулган модулдук үйлөрдүн артыкчылыктары тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле, белгилүү бир технология боюнча жасалган имарат 9 баллдан ашык сейсмикалык жүктөрдү көтөрө алат. Модулдар керектүү коммуникацияларды жана ички […]Читать далее
«Манас» эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын күнүнө карата күзгү споттинг өткөрүлдү. Жыл сайын өтүүчү иш-чарага Кыргызстандан жана Россиядан 20га жакын учактарды тартууга кызыккан фотосүрөтчүлөр жана видеооператорлор чогулушту. Ышкыбоз жана тажрыйбалуу споттерлер ишембинин түнү 4 саат бою учактар токтоп турган жайды, рулеждук жолчорлорду, учуу-конуу тилкесин жана перрондо учактарды тейлөө процессин сүрөткө тартышты. Ошондой эле, […]Читать далее
Кыргызстанда бүткүл дүйнөлүк геодезиялык системага айландырууга жана өлкөдөгү жер маалыматтарын башкарууну өркүндөтүүгө багытталган “Геодезиялык координаттар системасын кайра түзүү” пилоттук Кыргыз-Корей консалтингдик долбоору башталды. Долбоор 36 айга созулат. Долбоордун башкы максаты Кыргызстан үчүн оптималдаштырылган глобалдык геодезиялык системага өтүү жана жер маалыматтарын башкарууну өнүктүрүү жолу менен санариптик геомейкиндиктик инфраструктураны ишке ашыруу болуп саналат. Долбоор КР АЧМ караштуу […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда, Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев Мамлекет башчысына Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына жакын жерде жүрүп жаткан Балыкчы – Кочкор темир жол тилкесин куруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Жыл соңуна чейин 5 […]Читать далее
Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган саясатчылардын жана активисттердин баары эки айга камакка алынды. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Ага ылайык, кармалгандар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же СИЗО-1 деген аталыш менен жалпыга маалым болгон Бишкектеги №1 тергөө абагында 20-декабрга чейин камакта болот. Арасында саясатчы Азимбек Бекназаровдун […]Читать далее