Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев германиялык «Doppelpack Handels GmbH» компаниясынын Башкы менеджери Эднан Ыйлар менен жолугушту. Аталган компания мейманкана бизнеси, коомдук тамактануу жана чекене сатуучуларга тамак-аш азыктарынын кеңири ассортиментин сатууга адистешкен. Жолугушууда Элчи Өмүрбек Текебаев германиялык ишкер менен Кыргызстандын ВСП+ макамын эске алып, Германияга Кыргызстандын тамак-аш азыктарын, кургатылган жемиштерди, консерваланган азыктарды, төө […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Астана шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Министрлер Кабинетинин Төрагасы өз сөзүндө улуттук экономикалардын тышкы рыноктордон көз карандылыгын төмөндөтүү жана КМШ ичинде ишкер байланаштарды жандантуу боюнча практикалык чараларды ишке ашырууга басым жасады. «Биргелешкен инновациялык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм менен жолугушту. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылыштарда жабыркаган үй-бүлөлөрдү реабилитациялоо, ошондой эле ок атышуу болгон аймактардан балдарды репатриациялоо маселелери талкууланды. Марат Иманкулов ЮНИСЕФтин Кыргызстанда балдардын укуктарынын сакталышына байланыштуу гуманитардык маселелерди чечүүгө кошкон чоң салымын белгиледи. Мындан сырткары, жакынкы мезгилде Түндүк Сириядан балалуу […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Астана шаарына (Казакстан Республикасы) жумушчу сапарынын алкагында Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жамааттык жолугушуусуна катышты. Жолугушууда биримдик алкагындагы ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Касым-Жомарт Токаевди Казакстан Республикасынын 2022-жылы КМШга төрагалык кылуусун ийгиликтүү […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) жыйындарынын алкагында Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев менен жолугушту. Жолугушууда боордош эки элдин кызматташтыгын арттыруу, анын ичинен парламенттер аралык байланышты кеңейтүү маселелери талкууланды. Төрага Нурланбек Шакиев эки өлкө эгемендүүлүк […]Читать далее
“Бишкекжарык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Ак-Ордо конушундагы Тагай-Бий көчөсүндө жайгашкан жаңы мектептин аймагында тышкы жарыктандыруу тармактарын реконструкциялоо иштерин баштады. 96 светодиоддук чырактарды жана ошончо эле сандагы бетон негиздерин орнотуу пландаштырылууда. Белгилей кетсек, бетон негиздери, темир таянычтары ишкананын өздүк цехинде чыгарылат. Ошондой эле жер астына 1800 метрге жакын өзүн өзү көтөрүүчү изоляцияланган зым (СИП) төшөлдү. Сырткы жарыктандыруу […]Читать далее
“Газпром-Балдарга” спорттук-эс алуу комплексинде дзюдо боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резервдеги спорттук мектебинин 2003-2005-жылдары туулган балдар жана кыздар арасында эрежесиз эр уруш боюнча ачык чемпионат өткөрүлдү. Мелдеш дзюдо күрөшүн жайылтуу, дзюдо күрөшү боюнча күчтүү командаларды аныктоо, турнирдин катышуучуларынын спорттук чеберчилигин жогорулатуу, сергек жашоого үндөө жана жаштардын бош убактысын активдүү уюштуруу, мелдештин жеңүүчүлөрүн аныктоо максатында өткөрүлдү. Жыйынтыгында […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Астана шаарына (Казакстан Республикасы) барды. Акылбек Жапаров иш сапардын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Андан тышкары, Казакстандын президенти менен өкмөт башчыларынын жамааттык жолугушуусу пландаштырылган.Читать далее
Бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстандын Самарканд шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык Ассамблеясынын (КМШ ПАА) кеңешинин отурумуна катышты. Иш-чараны КМШ ПААнын кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко ачып жатып, Нурланбек Шакиевди Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланышы менен куттуктады. Өз кезегинде төрага Нурланбек Шакиев кесиптештерин Ассамблеянын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен […]Читать далее
Кыргыз маданияты, театр искусствосу, музыка искусствосу орду толгус оор жоготууга учурады. Кыргыз элинин белгилүү композитору, дээрлик маданият министрлигинде иштеп, бүт өмүрүн мамлекеттик кызматка арнаган, асыл талант Совхозбек Кожомкулович Айткеев 2022-жылдын 26-октябрында 69 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Совхозбек Айткеев 1953-жылдын 24-мартында Чүй өрөөнүндө, казак чек арасынан анча алыс эмес жерде жайгашкан «Чалдовар» совхозунда туулган. Эки жашка […]Читать далее