Төрага Нурланбек Шакиев Самарканд шаарында өтүп жаткан КМШ ПААнын Кеңешинин отурумуна катышты

 Төрага Нурланбек Шакиев Самарканд шаарында өтүп жаткан КМШ ПААнын Кеңешинин отурумуна катышты

Бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстандын Самарканд шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык Ассамблеясынын (КМШ ПАА) кеңешинин отурумуна катышты.

Иш-чараны КМШ ПААнын кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко ачып жатып, Нурланбек Шакиевди Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланышы менен куттуктады.

Өз кезегинде төрага Нурланбек Шакиев кесиптештерин Ассамблеянын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап: “Биз ишенимге жана өз ара түшүнүүчүлүккө негизделген КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын потенциалын бекемдөөгө өзгөчө маани беребиз”, – деди.

Мындан тышкары, төрага Ассамблеянын алкагында жасалчу иштерге токтолуп: “Динамикалуу өзгөрүп жаткан дүйнөнүн азыркы татаал шарттарында КМШ ПАА саясий-экономикалык жана гуманитардык кызматташтыктын бардык чөйрөлөрүндө, анын ичинен коопсуздук жаатында өз ара пайдалуу өнөктөштүктү бекемдөө менен көп тараптуу алаканы улантуусу кажет”, – деди.

Ошондой эле отурумда 54-пленардык жыйындын күн тартибиндеги маселелер талкууланды. Тагыраагы, Казакстан Республикасынын КМШдагы төрагалыгы боюнча маалымат берилип, Туруктуу комиссиялардын ишмердүүлүгү жана алардын төрагаларын бекитүү маселеси каралды.

Муну менен катар үстүбүздөгү жылы жасалган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, КМШга мүчө-мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын 2023-жылга карата иш планы аныкталды. Аталган маселени талкуулоо маалында КМШга төрагалык кылуу милдети Кыргызстанга өтөөрү айтылды.

“Бул жаатта Кыргызстан төрагалыктын концепциясын жана аны 2023-жылы ийгиликтүү ишке ашыруунун планын иштеп чыкты. Ал эми Жогорку Кеңеш КМШга мүчө-мамлекеттердин парламенттер аралык кызматташтыгын чыңдоого, мамлекеттерибиздин мыйзамдарын бардык тармактар боюнча шайкеш келтирүүгө умтулат. Андыктан КМШ ПААнын кийинки күзгү көчмө жыйынын 2023-жылы Кыргыз Республикасында өткөрүүнү сунуштайм”, – деген Нурланбек Шакиев отурумдардын алкагында Бишкек шаарында улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган конференция уюштурууну демилгеледи.

Андан сырткары Кеңештин отурумунда туруктуу комиссиялардын жетекчилери да баяндама жасап, Жогорку Кеңештин депутаты, КМШ ПААнын Контролдук-бюджеттик комиссиясынын төрагасы Искендер Матраимов Ассамблеянын каржылык маселелери боюнча маалымат берди. Анын ичинен аталган комиссиянын кийинки көчмө жыйынын Кыргызстанда өткөрүү сунушун киргизди.

Ошондой эле КМШ ПААнын кеңешинин Башкы катчысынын орун басары, Жогорку Кеңештин КМШ ПААдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатвалдиев “Шериктештик балдары” аталышындагы VII Эл аралык маданий-агартуучулук жаштар форумунун жыйынтыгы тууралуу сөз кылды.

Связанный пост