Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусундагы бир катар жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын абалы менен таанышты. Атап айтканда, ал Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын Орловка шаарындагы от казанынын иши менен таанышты. Министрлер Кабинетинин башчысы ошондой эле Кант жана Токмок шаарларында жаңыдан курулган заманбап от казандар менен таанышты. Иш сапардын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга калкты […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек жана Токмок шаарларынан контрафакттык тамекилерди саткан соода түйүндөрүн аныкташты. Натыйжада акциздик маркаларсыз чет өлкөлүк өндүрүштүн ар кандай аталышындагы 3 миң кутудан ашык тамеки тартып алынды. Ишкерлерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт. Акциздик маркаларсыз алкоголдук же тамеки продукцияларын өндүрүү, импорттоо жана сатуу, ошондой эле акциздик маркаларды […]Читать далее
Акылбек Жапаров: Модернизацияланган Майлуу-Суу лампа заводу жогорку сапаттагы продукция өндүрүүсү
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров «Майлуу-Суу лампа заводу» ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Жыйындын алкагында ишкананын ишмердүүлүгү жана айнек идиштерин чыгаруу, ошондой эле айнек эритүүчү мешти реконструкциялоо долбоорлору боюнча бет ачар сунушталды. Белгилей кетсек, заводго 1 млрд сом өлчөмүндөгү бюджеттик кредит берилип, 400 млн сом өлчөмүндөгү биринчи транш бөлүнгөн. Министрлер Кабинетинин башчысы […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров «Экономика жогорку мектеби» Улуттук изилдөө университетинин ректору Никита Анисимовду кабыл алды. Жолугушууда билим берүү, академиялык жана илимий изилдөөлөр тармагындагы кызматташтык, атап айтканда, билим берүү системаларынын интеграциясы жана өз ара аракеттенүүсү, экономика жана финансы тармагындагы адистердин квалификациясын жогорулатуу маселеси, Кыргыз Республикасында Университеттин филиалын ачуу келечеги талкууланды.Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Айыл чарба министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына жаңы жетекчилерди тааныштырды. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын буйругуна ылайык, Раматов Мурат Садинович жана Насирдинов Самат Насирдинович айыл чарба министринин орун басарлары болуп дайындалышты. Буга катар Жоробеков Тариэл Улукбекович Айыл чарба министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаментинин директору болуп дайындалды. Министрлер […]Читать далее
Тариэль Жаныбеков “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын директору болду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 12-декабрдагы буйругуна ылайык, Кадырбек Нурмамбетов “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын директору кызматынан бошотулуп, анын ордуна Тариэль Жаныбеков дайындалды. Белгилей кетсек, Кадырбек Нурмамбетов өз каалоосу менен арыз жазган.Читать далее
2022-жылдын 20-21-декабрь күндөрү «Көчмөн сыры» эл аралык кол өнөрчүлөр форуму өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, форумдун расмий ачылыш аземи 20-декабрда саат 12-00до Улуттук тарых музейинде башталат. Анда Дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңешинин комиссиясынын чечими менен аныкталган Ысык-Көл облусу “Боз үй- мекени”, Нарын облусу “Шырдактын мекени” […]Читать далее
Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков 2022-жылдын жыйынтыгы менен «Жылдын мыкты балбаны» наамына көрсөтүлдү. Жоламан Шаршенбеков 2022-жылы 6 медаль жеңген. Дүйнө чемпионатында, Азия чемпионатында жана Ислам оюндарында алтын медаль, эл аралык Wladyslaw Pytlasinski Cup турниринде күмүш медаль жана рейтингддик Turlykhanov Cup, эл аралык “Dan Kolov – Nikola Petrov Tournament” мелдешинде коло байгеге […]Читать далее
Бишкектеги Кыргыз Улуттук драма театрында актер Азиз Мурадилаев менен коштошуу зыйнаты өтүүдө. Коштошуу иш-чарасына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, актердун жакындары, санаалаштары жана сахналаштары катышууда. Азиз Мурадилаевдин сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат.Читать далее
Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын 2026-жылга чейин өркүндөтүү концепциясы бекитилди
2026-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө системасын өркүндөтүү концепциясы бекитилди. Тиешелүү чечим КР Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды. Аталган документ Президенттин 2022-жылдын 28-мартындагы № 95 “Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Муну эске алуу менен КР Министрлер Кабинети 2026-жылга […]Читать далее