Айыл чарба министринин жаңы орун басарлары тааныштырылды

 Айыл чарба министринин жаңы орун басарлары тааныштырылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Айыл чарба министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына жаңы жетекчилерди тааныштырды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын буйругуна ылайык, Раматов Мурат Садинович жана Насирдинов Самат Насирдинович айыл чарба министринин орун басарлары болуп дайындалышты.

Буга катар Жоробеков Тариэл Улукбекович Айыл чарба министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаментинин директору болуп дайындалды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары белгилегендей, жазгы талаа иштерине өз убагында жана сапаттуу даярдык көрүү дыйкандардын алдыдагы айдап-себүү иштериндеги кыйынчылыктарды ийгиликтүү жеңе тургандыгынын кепилдиги.

«Биздин алдыбызда алдыдагы жазгы-талаа иштерине даярдыкты бүгүнтөн баштоо милдети турат. Биз айыл-чарба товарларын өндүрүүчүлөрдү сапаттуу сертификацияланган жер семирткичтер, үрөн жана көчөт материалдары менен камсыз кылышыбыз керек. Тракторлордун жана башка атайын техникалардын даярдыгы бүгүнтөн текшерилип, кандайдыр бир маселе жаралса дароо чечилиши керек», – деди Бакыт Төрөбаев.

Анын айтымында, дагы бир орчундуу маселе – мамлекеттик сугат фондунун алдыдагы сугат мезгилине даярдыгы.

«Гидротехникалык курулуштарды, насостук станцияларды, ирригациялык скважиналарды куруу жана оңдоо укугуна тендерлерди өткөрүү боюнча иш-чаралар белгиленген мөөнөттө жыйынтыкталышы керек. Ошондой эле дыйкандарды Евразия экономикалык биримдигинин стандарттарына жооп бере турган ветеринардык дары-дармектер менен камсыздашыбыз керек», – деди ал.

Бакыт Төрөбаев ведомствонун алдында турган бардык милдеттер жаңы жетекчилердин кесиптик чеберчилигине, билимине жана тажрыйбасына жараша тез арада аткарыларына ишеним билдирди.

«Айыл чарба министрлигинин кызматкерлерине бүтүндөй айыл чарбасынын түшүмдүүлүгү жана рентабелдүүлүгү түздөн-түз көз каранды болгон чарбалардын бардык категорияларын колдоого багытталган жемиштүү иштерди каалайм», – деп белгиледи ал.

Связанный пост