20-21-декабрь күндөрү «Көчмөн сыры» эл аралык кол өнөрчүлөр форуму өтөт

 20-21-декабрь күндөрү  «Көчмөн сыры» эл аралык кол өнөрчүлөр форуму өтөт

2022-жылдын 20-21-декабрь күндөрү «Көчмөн сыры» эл аралык кол өнөрчүлөр форуму өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, форумдун расмий ачылыш аземи 20-декабрда саат 12-00до Улуттук тарых музейинде башталат. Анда Дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңешинин комиссиясынын чечими менен аныкталган Ысык-Көл облусу “Боз үй- мекени”, Нарын облусу “Шырдактын мекени” наамдары тапшырылат.

Наамдарды Азия Тынч океан регион боюнча кол өнөрчүлөр кеңешинин вице-президенти Азиз Муртазаев салтанаттуу түрдө тапшырмакчы.

Ал эми, 2022-жылдын 19- декабрынан тарта Г. Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм-сүрөт музейинде «Көчмөн сыры» Эл аралык кол өнөрчүлөр форумунун көргөзмөсү ачылды.

21- декабарь күнү КРнын Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар малекеттик агенттигинде илимий- практикалык конференция менен уланат.

Связанный пост