Коом

Ашууларда жол ачык

КРнын Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өлкөнүн жолдору менен ашууларында күн бүркөк, айрым жерлерде кар аралаш жаан, кар жаап, бороон болуп жатат. Тынымсыз тазалоонун аракетинде жолдор ачык, каттам бар. Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Чыйырчык ашуусунда жол ачык, унаа кыймылына чектөө жок. Ал эми аталган жолдун Тоң-Мурун ашуусунда түндө жааган кар толук тазаланды. Учурда […]Читать далее

Укук тартиби

Токмок шаарынын мэри кармалды

Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев кармалды. Бул тууралуу КРнын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. КР УКМК тарабынан мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан күрөшүүнүн алкагында Токмок шаарынын мэри Урмат Самаевдин «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар экендиги аныкталды. Тактап айтканда, Токмок шаарындагы жеке үйлөрдүн борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулуу фактысы […]Читать далее

Медицина

Кыргызстанда бир жумада СOVID-19 инфекциясынын 17 учуру катталды

Кыргызстанда бир жумада, 10.04.2023 – 17.04.2023-ж. аралыгында, СOVID-19 инфекциясынын 17 учуру катталды.  Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди. Алардын ичинен 7 бейтап ооруканага жаткырылган. 2023-жылдын 10-апрелинен 17-апрелге чейин тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды […]Читать далее

Коом

Бишкекте Чүй проспекти кеңейтилүүдө

Акыркы убакта Бишкек шаарында унаалар көбөйгөндүгүнө байланыштуу, жол тыгындарын азайтуу үчүн “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы унаа жолун кеңейтүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Курулуш иштери №309, №311 үйлөрдүн алдында жүргүзүлүүдө, анын узундугу 85 метрди түзөт. Бүгүнкү күндө туурасы 3 метр болгон кошумча тилкени салуу боюнча иштер аяктап, ирригация тутумдары жана бордюрлары орнотулду. Асфальт төшөө алдында тротуардын негизин даярдоо […]Читать далее

Коом

Сосновка постунда унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди

Сосновка постунда түшкү саат 14:30дан тарта унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилип, жол эки тараптуу жабылды. Бул тууралуу КРнын Транспорт жана коммуникация министрлининин басма сөз кызматы билдирди. Белгилей кетсек, аба ырайынын начарлашынан улам 17-апрелге караган түнү саат 02:00дон тарта оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген. Азыркы тапта Төө-Ашууда кар жаап, бороон болуп жатат. №9 жол […]Читать далее

Коом

Талас шаарына 26 500 даана гүл отургузулат

Талас шаарына 2023-жылга карата Талас жашыл чарба муниципалдык ишкансынын күнөсканасына эгилген 26 500 даана (10 түрдөгү) гүл отургузулат. Бул тууралуу Талас шаарынын мэрияснын басма сөз кызматы билдирет. Алардын ичинен 6500 даана бархатцы, 4000 даана ампель петуниясы, калганы петуния гүлүнүн башка түрлөрү. Аба ырайы турукташкан мезгилден тарта шаар көчөлөрүнө, жашыл аянттарга, мекеме-ишканалардын алдыдарына жана эс алуу […]Читать далее

Президент

Чек ара, ипотекалык үйлөрдүн курулушу жана жолдордун оңдолушу. Президенттин кезектеги

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген кезектеги маегинде оор сыноодо турган кыргыз-тажик маселесинде кандай жылыштар бар экенин, эмне үчүн ипотекалык үйлөрдү мамлекет өзү куруп баштаганынын себептерин жана Нарын шаарынын ички жолдору кайсыл каражаттын эсебинен оӊдолуп жатканына кенен токтолду. — Саламатсызбы Садыр Нургожоевич! — Саламатчылык. — Былтыр Жогорку Кеңештин жыйынында “Өзбекстан менен чек ара маселеси чечилди, кийинки жылы майга […]Читать далее

Аймак

«Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече» темир жолунун курулушун биргелешип ишке ашыруу маселелери талкууланды

Бишкекте «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын делегациясынын «РЖД-Интернейшнл» ЖЧК жана «Российский экспортный центр» АКсы менен “Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече” темир жолунун курулушу боюнча жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» УК» МИнын басма сөз кызматы билдирди. «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев жыйындын катышуучулары менен учурашып, «Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече» темир жолунун курулушунун жүрүшү […]Читать далее

Укук тартиби

Санитардык-эпидемиологиялык экспертиза департаментинин 4 кызматкери кармалды

КР УКМК тарабынан өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндөгү козголгон кылмыш ишинин алкагында, КР Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин санитардык-эпидемиологиялык экспертиза бөлүмүнүн башчысы А.Л.О. тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды жана продукцияларды ташып келүү үчүн санитардык-эпидемиологиялык корутундуларды мыйзамсыз берүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманын иши аныкталып […]Читать далее