Кыргызстанда бир жумада СOVID-19 инфекциясынын 17 учуру катталды

Кыргызстанда бир жумада, 10.04.2023 – 17.04.2023-ж. аралыгында, СOVID-19 инфекциясынын 17 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Алардын ичинен 7 бейтап ооруканага жаткырылган.
2023-жылдын 10-апрелинен 17-апрелге чейин тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада.
Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.
2022-жылга жана 2023-жылдын 107 күнүнө карата жалпысынан COVID-19 инфекциясынын 22 118 учуру катталды, анын ичинен 20107 (91%) учур лабораториялык тастыкталган, ал эми 2011 (9%) учуру клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.