Ат-Башы районуна “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилди

 Ат-Башы районуна “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилди

Ат-Башынын Арпа өрөөнүндө 2-майдан тарта аба ырайы кескин өзгөрүп, кар калың жаап, жайлоодо 5 үй-бүлө мал жандыктары менен калган. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Малчыларда 867 уй, 1400 кою бар. Учурда малчылардын тамак-аштары жетиштүү, бирок мал жандыктардын тоюту жок болгондугуна байланыштуу малчылар жардам сурап кайрылган.

ӨКМден ыкчам топ тартылып, Ат-Башы РМА- акимдин орун басары жеринде болуп жаткан абалдан кабар алып, жергиликтүү бийлик тургундар менен биргеликте жерине 680 түк чөп жеткиришти. Учурда жол каттамы ачык.

Ошондой эле Арпа өрөөнүндөгү Ак-Бейит, Беш-Сары, Ичке, Кемесия тилкелеринде калган малчыларга ыкчам жардам көрсөтүү жана кырдаалды жөнгө салуу максатында Ат-Башы РМАнын башчысы-акимдин буйругунун негизинде 3-майдан тарта райондун аймагына “Өзгөчө кырдаал” режими убактылуу киргизилди.

Связанный пост