Сузак райондук төрөт үйү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү

Сузак аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу облус башчынын маалымат катчысы кабарлады.

Буга чейин аймактык оорукананын төрөт бөлүмүнүн эскилиги жетип, толук кандуу иш алып барууда кыйынчылыктар жаралып келген. Имаратта беш ай аралыгында оңдоп-түзөө жумуштары жүргүзүлүп кошумча бөлмөлөр, жаңы медициналык жабдыктар менен камсыздалды.

Ачылышта облус башчы Абсаттар Сыргабаев төрөт бөлүмүнүн жаңылануусу мамлекет тарабынан дарыгерлерге кам көрүү, элге шарт түзүү, өлкөнүн келечеги болгон эне жана баланын ден соолугун сактоо аракети экенин айтты.

Ооруканада жыл сайын 5 миңден ашуун төрөт катталат. Имаратты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө республикалык бюджеттен 4 млн, облустук өнүктүрүү фондунан 5 млн, райондун өнүктүрүү фонду тарабынан 3,5 млн сом акча каражаты жумшалган.

Мекеменин ачылышына Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, райондук бийлик өкүлдөрү, оорукана кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Связанный пост