Астанада ТМУнун кезектеги саммитинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

 Астанада ТМУнун кезектеги саммитинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

Бүгүн, 3-ноябрда, Астана шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин кезектеги онунчу жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Уюмга мүчө болгон – Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан мамлекеттеринин башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:

1. ТМУнун онунчу Саммитинин декларациясы;

2. Астана актысы;

3. «Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени» менен Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевди сыйлоо жөнүндө чечими;

4. 6-февралды “ТМУнун алкагында табигый кырсыктардын курмандыктарын эскерүү жана тилектештик күнү” деп жарыялоо жөнүндө чечими;

5. “Түрк дүйнөсүнүн финансы борборлору” жөнүндө чечими;

6. Түрк кызматташтык уюмдарынын желектерин шайкеш келтирүү жөнүндө чечими

7. Экономикалык кызматташтык уюмуна (ЭКУ) Түрк мамлекеттер уюмундагы байкоочу статусун берүү жөнүндө чечими;

8. ТМУнун Башкы катчысынын орун басарын, Түрк маданияты жана мурасы фондунун Президентин дайындоо жөнүндө чечими;

9. Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин тиешелүү мекемелеринин метрология жаатындагы кызматташуу протоколу;

10. ТМУнун 2023-2027-жылдарга транспорттук байланыш программасын ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш-аракеттер планы (Жол картасы).

Связанный пост