Анкаранын атактуу Атакулеси

Анкаранын кайсыл бурчунда турбаңыз көктү карай боюн созгон Атакуле мунарасын байкайсыз. Ал эми мунаранын чокусунан шаарды толук көрүүгө болот. Ошондой эле мунарада 1 жарым саатта 360 градуска айланган өзгөчө ресторан да бар. Бүгүн силерге бул кереметтүү курулуш жөнүндө айтып беребиз.

“Атакуле” мунарасынын аталышын сөзмө-сөз которгондо “Ата мунарасы” деген маанини билдирет. 125 метрлик теле жана байкоо мунарасы Түркиянын борбор шаары Анкарада жайгашкан. Бул курулуш азыркы түрк мамлекетинин негиздөөчүсү Мустафа Кемаль Ататүрккө арналган делет. Долбоор 1985-жылы Рагип Булуч аттуу архитектор тарабынан даярдалып, 1987-жылы Түркиянын ошол кездеги президенти Тургут Озалдын демилгеси менен курулуштун пайдубалы түптөлө баштаган. Мунараны тургузуу иши 3 жылга созулду. Ошентип 1989-жылы 13-октябрда ачылыш аземи болгон. Диаметри 21 метрди түзгөн мунаранын аталышын тандоо үчүн сынак жарыяланып, ал элдик добуштун негизинде “Атакуле” деген наамды алган.

Мунаранын астында Тансас соода борбору орун алган. Анкарадагы биринчи, ал эми Түркиядагы экинчи орунда турган ири соода борбору болуп саналат. 2012-жылы соода борборунун бардык ижарачылары чыгарылып, соода борборун бузуу иштери 2014-жылы башталган. Бирок, мунарага болгон коркунучтардан улам бузуу иштери токтотулат. 2018-жылы Тансас соода борборуна жаңы имарат салынып, азыркыдай көрүнүшкө ээ болуп, күнүнө миңдеген адамдар кирип-чыкчу жайга айланат.

 

Анкарага болгон саякатты Атакулесиз элестетүүгө болбосо керек. Шаардын так ортосунан бүт айланага көз салуу кандай сезимдерди тартууларын көргөндөр гана билет. Мунаранын үстүндө ресторандан өзгөчө даамдарды татып, шаарга суктанып эле тим болбостон, ырчы, музыканттардын дүйнөгө белгилүү чыгармаларды аткаруусуна да күбө боло аласыз. Элестеттиңизби, кандай жагымдуу көрүнүш… Андыктан, Анкарадагы сапарда Атакуле мунарасы сөзсүз кайрылып кетүүгө арзый турган алмашкыс жай экенин эсиңизден чыгарбаңыз.

Связанный пост