Акылбек Жапаров: Ар бир интеграциянын кыймылдаткыч күчү – экономикалык кызматташтык үчүн жагымдуу шарттарды түзүү

Ар бир интеграциянын кыймылдаткыч күчү катары өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтык үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат. Бул тууралуу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөт башчылар кеңешинин төрагасы, КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров КМШ өкмөт башчылар кеңешинин жыйынында билдирди.

«Кыргыз Республикасы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин органдарында төрагалык кылган 2023-жылы КМШга мүчө-мамлекеттердин интеграциялык кызматташтыгы жаатында бир катар маанилүү багыттар боюнча иштерди алып барды. 8-июнда Сочи шаарында биз маанилүү документке – кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү эркин соода, компанияларды түзүү жана иштетүү, инвестицияны ишке ашыруу жөнүндө макулдашууга кол койдук, албетте, мунун өзү экономикалык интеграциянын масштабын мындан ары кеңейтүүгө, КМШ өлкөлөрүнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн кызмат көрсөтүү чөйрөсүн өнүктүрүү, кызмат көрсөтүүлөрдүн өз ара соодасын кеңейтүү үчүн шарттарды түзүүгө, аны либералдаштыруу деңгээлин жогорулатууга, ошондой эле биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты жакшыртууга өбөлгө түзөт. Мен бул Макулдашууну Кыргыз Республикасынын КМШдагы төрагалыгынын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган эң маанилүү чечимдердин бири жана аталган документке кол коюу биздин жалпы ийгилигибиз деп эсептейм», – деди ал.

Министрлер Кабинетинин башчысы интеграциялык байланыштарды өнүктүрүү Кыргыз Республикасы менен КМШга мүчө башка мамлекеттердин ортосундагы соода жүгүртүүнүн жана жүк ташуулардын өсүшүнө алып келгендигин белгиледи.

«КМШга мүчө саналган, дүйнөлүк океанга чыга албаган Борбор Азия өлкөлөрү трансконтиненталдык транспорттук коридорлордун чегинде жайгашып, Европага, Перс булуңуна, Индия жана Тынч океандарына кыйыр жолго ээ болуу менен кеңири транспорттук-коммуникациялык тармактарга ээ. Бул алардын регионалдык соода хабына айлануу жана КМШга мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык мамилелерин өнүктүрүүгө салым кошуу мүмкүнчүлүгүн шарттайт. Бул максатка жетүү үчүн эл аралык автомобиль жана темир жолдорду, логистикалык борборлорду жана транспорттук терминалдарды кеңейтүү, ошондой эле үзгүлтүксүз эл аралык транзит үчүн инфраструктураны модернизациялоо маанилүү. Буга байланыштуу аймакта соода жана бажы процедураларын санариптештирүү жаатында көп иштерди аткаруу зарыл. Бул трансформациялардын бардыгы дүйнөлүк стандарттар менен үндөш болушу маанилүү”, – деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Өз сөзүндө министрлер кабинетинин башчысы кеңешменин катышуучуларынын көңүлүн региондун өлкөлөрүнүн суу-энергетикалык ресурстарды пайдалануу маселесине бурду.

«Региондун суу ресурстарынын дээрлик жарымы биздин өлкөнүн аймагында түзүлөөрүн эске алуу менен, биз суу менен камсыздоо маселесинде өзүбүздүн жогорку жоопкерчиликти түшүнөбүз. Бул багытта суу ресурстары топтолуп жаткан аймакка климаттын терс таасирин, ошондой эле аймактын өлкөлөрүнүн суу инфраструктурасынын начарлашын эске алуу менен биз ирригация, энергетика жана инфраструктура чөйрөсүндө суу жана жер ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга, арзан жана экологиялык жактан таза электр энергиясы менен камсыз кылууга, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга багытталган чараларды көрүүнү жана тиешелүү долбоорлорду өз убагында ишке ашыруу үчүн умтулабыз. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасы Борбор Азиянын суу-энергетикалык ресурстарын комплекстүү пайдалануу боюнча өз ара пайдалуу компенсациялоо механизмин түзүүнү сунуштайт жана илгерилетет», – деп жыйынтыктады ал.

Белгилей кетсек, КМШ өкмөт башчылар кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин биргелешкен жыйыны «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында (Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы) өттү.

Связанный пост