Алайда сел кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

 Алайда сел кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

Алайда сел кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, Кечээ, 20-апрелде саат 17:45тер чамасында жааган мөндүрдүн кесепетинен Ош облусунун Алай районунун Тилектеш айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак айылында 5 кокту-колоттон сел жүрүп, 34 турак үйдүн короосун каптаган. Анын ичинен 5 турак үйдүн жана мектептин жертөлөсүнө сел суусу кирген.

 

Мындан сырткары, ички чарбалык унаа жолдун 5 жерин сел каптаган, учурда жол каттамы ачык. Ал эми сел түшкөн коктулардагы ички көчөлөр жабык.

 

Бүгүн селдин кесепеттерин жоюу иштерине Алай райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 15 куткаруучу, ӨКМЖБД 3 кызматкер, райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан 50 кызматкер, айыл өкмөтүнөн 10 кызматкер, 2 жүктөгүч, жергиликтүү тургундардан 20 жаран, суу чарба кызматынан самосвал тартылды.

 

Кошумча маалымат берилет.

Связанный пост