Акыркы эки жылда вакцинадан баш тарткандардын саны 10% кыскарды
Кыргызстанда акыркы эки жылда вакцинадан баш тартуулардын саны 10%га кыскарган. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Ана Даутович билдирди.
Анын айтымында, бул натыйжага өлкөдө жамааттардын жана диний уюмдардын башчылары менен узак убакыттан бери түзүлгөн өнөктөштүктүн аркасында жетишилди.
“Дал ушул биргелешкен иштин натыйжасында 2024–2025-жылдар аралыгында вакцинадан баш тартуулардын саны 10%га кыскарган. 2025-жылы эле маалымат жеткирүү кампания 564 562 баланы камтып, мурда бир да жолу вакцина албаган балдарды аныктоого жана аларды эмдөөгө мүмкүнчүлүк түздү. Алардын арасында мигрант үй-бүлөлөрдүн балдары жана башка аярлуу топтор да бар”, – деп белгиледи ал.