Бишкекте муздак суу жана канализацияга тариф жогорулашы мүмкүн
Бишкекте муздак суу жана канализацияга болгон тариф жогорулашы мүмкүн. Бул тууралуу мэриянын Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизген “Суу менен жабдуу жана суу чыгаруу (канализация) боюнча кызмат көрсөтүүлөрүнө бирдиктүү тарифтерди, аларга жогорулатылган коэффициенттерди жана үйдүн ички тармактарын техникалык тейлөөгө тарифтерди бекитүү жөнүндө” токтом долбоорунда айтылат.
Документте белгиленгендей, тарифтерди өзгөртүү “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасынын инженердик инфратүзүмдөрдүн ишенимдүү жана үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо, аны модернизациялоо жана өнүктүрүү үчүн каржылык шарттарды түзүү максатын көздөйт.
Токтом долбоорунда кызмат көрсөтүүгө бирдиктүү тариф белгилөө каралууда (1 м3):
- суу менен жабдуу – 15,73 сом (учурдагы баасы 10,45);
- суу чыгаруу (канализация) – 6,80 сом (учурдагы баасы 3,45 сом).