Өспүрүмдөргө самокат жана мопед тебүүгө чектөө киргизүү сунушталды
Бүгүн, 25-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Айрым мыйзам актыларына (“Жол кыймылы жөнүндө” мыйзамга жана Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда кабыл алынды.
Парламенттен маалымдашкандай, демилгечи депутаттар Медер Чотонов, Акылбек Түмөнбаев, Алишер Козуев, Жылдыз Эгенбердиева, Болот Ибрагимов, Бактыбек Чойбеков, Суйунбек Омурзаков, Гүлнара Баатырова, Эльвира Сурабалдиева, Болотбек Борбиев, Бактыяр Калпаев.
Депутат Медер Чотонов белгилегендей, мыйзам долбоору жеке мобилдүүлүк каражаттарын пайдаланууда жол кыймылынын коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле өлкө аймагында жеке мобилдүүлүк каражаттарын ижарага берүү кызматтарын көрсөтүүнү укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.
Тагыраагы, 18 жашка чыга элек өспүрүмдөрдүн жеке мобилдүүлүк каражаттарын пайдалануусуна чектөө киргизүү жана аларды ижарага берген компаниялардын жоопкерчилигин күчөтүү сунушталууда.